Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XXIV сессиясынын
ТОКТОМУ №24-2
15-февраль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчетунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн бюджетинин киреше бөлүгү 40 957,1 (кырк миллион тогуз жүз элүү жети миң бир жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 43 361,2 (кырк үч миллион үч жүз алтымыш бир миң эки жүз) сомго бекитилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №119