Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын жумушчу, кызматчыларынын айлык акысын, социалдык төлөмдөрүн төлөө үчүн кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XXIII сессиясынын
ТОКТОМУ №23-9
27-декабрь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын жумушчу, кызматчыларынын айлык акысын, социалдык төлөмдөрүн төлөө үчүн кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановдун кайрылуусунун, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Абдымаликовдун жана ФЭБдин башчысы Т.Жусубалиевдин билдирүүлөрүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына 2022-жылга карата бөлүнүп берилген акча каражаты жетишсиз болгондуктан, 2022-жылдын декабрь айы үчүн эмгек акы, социалдык төлөмдөрүн төлөп берүүгө 2022-жылга карата айыл өкмөттүн бюджетинде 2215-статьясында каралып, тендер өткөрүүдөн үнөм болгон жана пайдаланылбай калган акча каражаттарынан “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын жумушчу, кызматчыларынын декабрь айы үчүн эмгек акы, социалдык төлөмдөрүн төлөп берүүгө 270 (эки жүз жетимиш) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
- Бөлүнүп берилген акча каражатын каржылап берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБдин башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 117