Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №261 буйругу менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагындагы “Жергиликтүү маанидеги м
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XXIII сессиясынын
ТОКТОМУ №23-7
27-декабрь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №261 буйругу менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагындагы “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №261 буйругу менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагындагы “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин” бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адиси-юрист Н.Карыбековдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагындагы “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби” №1 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет)
- Бекитилген тартипке ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн;
- Бекитилген “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин” аткарууга алып, тейлөөнү уюштуруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №115
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 27-декабрь
2022-жылдагы кезексиз XXIII сессиясынын
№23-7 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди
башкаруунун тартиби
- Жалпы жоболор жана терминдер
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби (мындан ары –тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин компетенциясын аныктоочу «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
- Тартип Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
- Бул тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:
Жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү Ат-Башы айыл аймагындагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;
Компетенция – мамлекеттик органдын же Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттеринин жыйындысы;
Көзөмөл – Ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;
Мониторинг жана баалоо – башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси;
Милдеттенме – Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар, жөлөк пулдаркомпенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;
Уюштуруу – жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган айыл өкмөтүнүн уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;
Ыйгарым укук – мамлекеттик бийлик органдарынын же айыл өкмөтүнүн белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн функциясы – бул уюмдардын, ишканалардын жана айыл өкмөтүнүн өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо), айыл өкмөтүнүн туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;
Башкаруу – уюмдун максатына же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган айыл өкмөтү тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;
Кызмат – юридикалык же жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канааттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган айыл өкмөтүнүн иш-аракети.
- Тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары
4.Тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт;
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу,
2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу,
3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо жана контролдоо жүргүзүү.
5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, айыл өкмөтүнүн, ошондой эле анын мекеме жана ишканасынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу алкагында ишке ашырылат.
6. Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт.
7. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн айыл өкмөтү төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгө ашырат:
№ 1- кадам.
Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.
№ 2 - кадам.
Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан тандоолордун жыйынтыгын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык, финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.
№ 3 - кадам.
Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет.
№ 4 - кадам.
Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.
№ 5 - кадам.
Айылдык кеңештин регламентине ылайык, айылдык кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү үчүн коомдук талкуудан өтөт.
№ 6 - кадам.
Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн айылдык кеңештин токтомун кабыл алат (айылдык кеңештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, айылдык кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2-тиркемеде келтирилди).
8. Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү чараларды камтыйт:
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
- кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрядчыны тандоо/дайындоо жол-жобосун/процедурасын жүргүзүү;
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);
- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда);
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.
9. Ушул эрежелердин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акттүрүндө, ошондой эле айыл өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде көрүлүшү мүмкүн.
- Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоодо жана башкаруу процесстерине катышуусу
10. Бул эрежелерди ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкуулоого кеңири тартылат.
11. Айыл өкмөтү жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, айыл аймагынын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
12. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкуулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында айыл өкмөтүнө жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн жумушчу топторун түзүү сунушталат.
13. Айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
14. Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары айылдык кеңеш тарабынан өз жыйналыштарында каралат.