Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №262 буйругу менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагында “Көрктөндүрүү, жашылдандыр
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XXIII сессиясынын
ТОКТОМУ №23-6
27-декабрь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №262 буйругу менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагында “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №262 буйругу менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагында “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди” бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адиси-юрист Н.Карыбековдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагында “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелер” №1 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет)
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №114
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 27-декабрь
2022-жылдагы кезексиз XXIII сессиясынын
№23-6 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелер
- Жалпы жоболор
- Ат-Башы айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары-Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
- Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн Ат-Башы айыл аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болот.
- Ат-Башы айыл өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
- Негизги түшүнүктөр жана терминдер
- Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент – тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү – калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
КТТК чыгаруу – атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;
Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак – юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;
Жашылдандырылган жерлер – жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.)
Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды – ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.
Парк – эс алууга жана көңүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
Катуу турумуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) – катуу турумуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча айыл өкмөтү менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак;
Курчап турган айланадагы аймак – юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттерди белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;
Аймакты санитардык жактан тазалоо - аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;
Көчөдөгү таштандылар - жолдордо, тротуарларда,эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардантурат.
Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары-КТТК) - адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттуларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.
- Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу
жана чыгаруу иштерин уюштуруу
- Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
- Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
- Шаардын, айыл аймагынын жерлеринде КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет;
- Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;
- Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;
- Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан къл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.
- Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт.
- Тургундар кварталдын/айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
- Кызмат көрсөтүүчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тургундарды кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөр менен камсыздайт.
- Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар үчүн тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.
- Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.
- Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
- Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
- Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
- Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары- кызмат көрсөтүүчү «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасына;
- ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча - ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;
18. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
19. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
20. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
21. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди экспулатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
22. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер айыл өкмөтү, кварталдык комитет башчылары жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
23. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
24. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылат.
25. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
26. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши бекиткен тарифке ылайык алынат.
27. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр айыл өкмөтүнүн ченемдик укутарын актыларына жана «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.
28. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
29. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
30. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) ощдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
31. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы ишке ашырат.
32. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы ишке ашырат.
33. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
34. Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттордун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
35. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
36. Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
37. Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу турмуш -тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн «Көрктүү аймак» тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок бир жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
38. Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылар жууйт.
39. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
40. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүнчүлүк болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо Ат-башы айыл өкмөтү же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
41. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик Ат-Башы айыл өкмөтүнө жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын эсебинен жүргүзүлөт.
- Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу
42. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында – карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында – жодун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларын жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
43. Уюмдар, чарба жъргъзъъчъ субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо айыл өкмөтү менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
44. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
45. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы жоопкерчилик тартат.
46. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
- узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бъткъл аймак боюнча;
- туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта - жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;
47. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мъмкън.
48. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
49. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат.
50. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода обьектилеринин ээлерине жүктөйт.
51. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
52. Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
53. Суу канализацциясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.
5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
54. Юридикалык жана жеке жактар Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык тъйън ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
55. Ат-Башы айыл аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланып жаткан жерге чыгарууга жол бербейт.
56. Таштанды челектерин көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузуугажана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
57. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөщгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
58. Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
- Жашылдандыруу
59. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
- бак-дарактарды отургузуу,
- бак-дарактарды жана бадалдарды, гълзарларды багуу боюнча иштер – жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
60. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Жалпы пайдалануудагы аймактарда – парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө - айыл өкмөтү аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
- Турак жайлар жайгашкан квартал ичиндеги участоктордо – үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
- Уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
61. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан август айын кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
62. Жашылдандыруу обьектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлөт.
63. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
64. таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
65. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светафордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
66. Ат-Башы айыл аймагын жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду ирээтке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
67. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.) жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
68. Ат-Башы айыл аймагынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
69. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
- иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
- жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
- жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канлизация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
- жайында кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;
- газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
- жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
- багуу жана ощдоо процессинде жүргүзүлгөн бак дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
70. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
- жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын
кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
- тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз
алдынча кыюууга жана отургузууга,огороддорду жана газондорду иреетке
келтирүүгө;
- бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан
тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды
уюштурууга;
- калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
- жалбырактарды күйгүзүүгө,жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды
арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды
көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө
чогултуу, компост салуу ъчън атайын жерлерге алып салуу же таштанды
жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
- от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
- бак-дарактарга мыктарды кагууга,бак-дарактарга зыян келтирүүчү
илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик
номурларды, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын
чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
- дарактардан шире, чайыр алуугу, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды
жасоого жана башка механикалы зыян келтирүүгө;
- белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникациялар-
ды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт
каражаттарын өткөрүү жана токтотуугу;
- гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
71. Жашыл аймактарды жаныдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер айыл өкмөтү же айыл өкмөтү ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоорлук документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
7. Тышкы жарыктандыруу
72. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактардын тейлөө айыл өкмөтү тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
73. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №155 токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
74. Тышкы жарыктандыруу күйгүзүү жана өчүрүү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
75. Айыл өкмөтү коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
76. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалбашы керек, бирок ъч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
77. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
78. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жащыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу айыл өкмөтү менен макулдашылат.
8. Эрежелерди бузгандыгы ъчън юридикалык жактардын,
кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
79. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы
мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
80. Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
81. Таштандыларды белгиленбеген жерге чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
82. Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
83. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу айыл өкмөтүнүн комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине жаза чараларын көрөт.
84. Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.