Ат-Башы айыл өкмөтүндө мүлк салыгын жыйноо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XXIII сессиясынын
ТОКТОМУ №23-5
27-декабрь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүндө мүлк салыгын жыйноо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүндө мүлк салыгын жыйноо жөнүндөгү айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А.Мусаеванын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 37-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын жыйноо төмөндөгү тизмеге ылайык киргизилсин;
- Айыл чарба багытындагы жер салыктары:
-КБФнын ижарага берилген жерлерине,
-Үлүш жерлерге
2) Калктуу конуштардын айыл чарба багытындагы эмес жерлерине салыктар;
3) Короо алдындагы жер тилкелерине, физикалык жактарга салыктар;
4) Унаа салыктары;
5) Кыймылсыз мүлк салыгы;
6) Турак-жай эмес мүлк салыгы;
- Жогорудагы көрсөтүлгөн мүлк салыктарынын өз убагында жыйналып аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А.Мусаевага милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБдин башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 113