Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы боюнча аткарылган иштердин жүрүшү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XXIII сессиясынын
ТОКТОМУ №23-2
27-декабрь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы боюнча аткарылган
иштердин жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54- “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17- “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыктары боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиеванын жана башкы адис-юрист Н.Карыбековдун берген маалыматтарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54- “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17- “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыктары боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиеванын жана башкы адис-юрист Н.Карыбековдун берген маалыматтары эске алынсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 110