Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.Субагожоевдин 2017-жылдын 13-декабрындагы чыгыш №1814 сандуу сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ № 1-1
Ат-Башы айылы 9-февраль 2018-жыл
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.Субагожоевдин 2017-жылдын 13-декабрындагы чыгыш №1814 сандуу
сунушу жөнүндө
Ат-Башы айылындагы «Чатыр-Көл» кинотеатрын маркум Сабырахунов Абабекирахун атындагы «Чатыр-Көл» кинотеатры деп атоого сунушталган материалдарды угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы «Чатыр-Көл» кинотеатры маркум Сабырахунов
Абабекирахун атындагы «Чатыр-Көл» кинотеатры деп атоого макулдук берилсин.
- Ат-Башы айылындагы Сабырахунов Абабекирахун атындагы «Чатыр-Көл» кинотеатры болуп которулгандыгы боюнча укуктук юридикалык документтерин өзгөртүү жагы кинотеатрдын директору Ашымова Мээримге тапшырылсын.
- Сабырахунов Абабекирахундун аты берилген «Чатыр-Көл» кинотеатрына ремонт иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жагы маркумдун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо №1