2022-жылдын 1-ноябрынан баштап айылдын көчөлөрүнөн таштанды чыгарып тейлеген таштанды ташуучу унаа кыш мезгилине карата токтотулду.

Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары!
2022-жылдын 1-ноябрынан баштап Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан графиктин негизинде айылдын көчөлөрүнөн таштанды чыгарып тейлеген таштанды ташуучу унаа кыш мезгилине карата токтотулгандыгын билдиребиз. Андыктан буга түшүнүү менен мамиле жасап, таштандыларды убактылуу кыш мезгили аяктагыча көчөлөргө чыгарбай турууңуздарды өтүнөбүз. Эгерде таштандылар көчөгө чыгарылса, мыйзам чегинде айып пулдар салынаарын эскертебиз.
Айылыбыздын тазалыгын кармоо - ар бирибиздин атуулдук милдетибиз экендигин  эсибизден чыгарбайлы!

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет