Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы чыгыш №11-282-22 сандуу каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XXII сессиясынын
ТОКТОМУ №22-4
12-октябрь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы чыгыш №11-282-22 сандуу каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө
Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы чыгыш №11-282-22 сандуу Ат-Башы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-августундагы 18-6 сандуу токтомунун 2-пунктуна карата каршылык билдирүүсүн эске алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-августундагы кезектеги XVIII сессиясында кабыл алынган №18-6 сандуу “2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндөгү” токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №106