Ат-Башы айыл аймагында муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги XXII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №22-2

12-октябрь  2022-жыл                                                    Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы айыл аймагында муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189-буйругунун негизинде берилген  Ат-Башы айыл аймагында муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                          

  1. “Ат-Башы айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобо №1 тиркемеге ылайык  бекитилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер  жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б.Жунусалиевге милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.   

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                        К. Айдыралиев

 

 

 

Каттоо №104

 

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                  Кеңешинин депутаттарынын 12-октябрь

                                                         2022-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын

                                                                        №22-2 токтомуна №1 тиркеме

 

Ат-Башы айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө

Ж О Б О

 

1-глава.  Жалпы жоболор

  1. Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги обьекттери кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
  2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул жобонун 8-главасын жана 11-пунктун кошпогондо, ушул жобонунун жана өз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырат.

2-глава. Ушул жободо колдонулган түшүнүктөр.

  1. Ушул жободо пайдаланылган түшүнүктөр.

Ижара- Ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги обьектти ижарачыга аны пайдалануу укугу менен белгилүү бир мөөнөткө белгиленген акыга же акысыз негизде берүү;

Ижарачы- Ушул жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги обьектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;

Ижарага берүүчү- Муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана;

Аукцион- Тооруктун түрү, мында эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;

Аукционду алып баруучу- Тоорукту аукцион формасында жүргүзгөн жана аукционду өткөрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн жак;

Арыз ээси- Муниципалдык менчиктеги обьектти ижарага берүү боюнча тоорукка катышуу үчүн өтүнмө берген жеке же юридикалык жак;

Конкурс-тооруктун түрү, мында тооруктун предметине карата ижарага берүүчү белгилеген шарттарды мыкты аткарууну сунуш кылган адам жеңүүчү деп табылат;

Муниципалдык менчиктеги обьект- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик укугуна ээ болгон кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;

Оперативдүү башкаруу- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык мекемеге анын уюштуруучусу койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн бекитилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;

Пайдалануу- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу болуп саналган муниципалдык ишканаларга, муниципалдык мекемелерге, коммерциялык эмес уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тоорук өткөрбөстөн акцияларына ээлик кылган акционердик коомдорго муниципалдык мүлк обьекттерин берүүнүн формасы;

Муниципалдык менчиктеги обьекттерди ижарага түз берүү- жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) муниципалдык менчиктеги обьекттерге карата ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү ыкмасы;

Тоорук- муниципалдык менчикте турган обьекттерге ижара укугун аукцион же конкурс түрүндө берүү ыкмасы;

Катышуучу- тоорукка катышууга уруксат алган арыз ээси;

Чарба жүргүзүү-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык ишканага ал үчүн белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде чарба (коммерциялык) иштерин жүргүзүү үчүн берилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;

 

3-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүү

  1. Муниципалдык мүлк “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканага жергиликтүү маанидеги маселелерди жана муниципалдык ишкананын экономикалык туруктуулугуна өбөлгө болуучу башка тапшырмаларды аткаруу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде чарба жүргүзүүгө берилет.
  2. “Көрктүү аймак”  муниципалдык ишканасы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн макулдугу менен гана муниципалдык мүлктү субижарага өткөрүп бере алышат, күрөө катары көрсөтүп башка операцияларды жүргүзө алышат.
  3. Муниципалдык мүлк жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, уюштуруу үчүн функцияларын аткаруу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде муниципалдык мекемелерге оперативдик башкарууга берилет.
  4. Муниципалдык мекемелер муниципалдык мүлктү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн макулдугу менен гана субижарага өткөрүп бере алышат.
  5. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү уюштуруучу катары иш алып барган коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими боюнча акцияларга ээ болгон акционердик коомдорго муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүүгө укуктуу.
  6. Пайдаланууга берилген муниципалдык мүлктүн субижарасы үчүн акы жергиликтүү бюджетке түшөт.
  7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы ушул жобонун Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.

4-глава. Тооруктардын түрлөрү

  1.       Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
  2. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу зарылдыгы болгон учурларда аукциондун негизинде тооруктар дайындалат.
  3. Аукцион түрүндө тооруктар электрондук соода аянтчасында электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн. Тооруктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
  4. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты жергиликтүү жамааттын экономикалык же социалдык чөйрөдө өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналган учурларда конкурстун негизинде тооруктар өткөрүлөт.
  5. Тооруктун бир түрүн колдонуу жөнүндө чечимди Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши кабыл алат.

5-глава. Тооруктарды уюштуруу боюнча жалпы жоболор

  1. Тооруктарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп бере алат:

- муниципалдык мүлктү ижарага берүү зарылдыгы жөнүндө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечими;

- муниципалдык менчиктин айрым обьекттерин ижарага берүү боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык коргоо программасынын талабы;

- муниципалдык мүлктү ижарага алууга жеке жана юридикалык жактардын арызы.

17. Тооруктарды өткөрүү үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү муниципалдык менчиктеги обьекттерге ижара укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары-комиссия) түзөт.

18. Комиссиянын курамына Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.

19. Комиссиянын курамы, анын төрагасы жана катчысы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.

20. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем болбойт.

21. Тооруктарды даярдоо үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү:

- пландаштырылган тооруктар боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзөт;

- тоорукка катышууга талапкерлердин арыздарын кабыл алууну уюштурат;

- тооруктарды өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечет.

22. Комиссия:

- келип түшкөн өтүнмөлөргө ушул Жобонун талаптарына ылайык баа берет;

-тооруктун жыйынтыгын протокол түрүндө бекитет жана аны Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына чечим кабыл алуу үчүн жиберет;

- муниципалдык менчиктеги обьекттерди ижарага берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо каралган компетенциясынын чегинде карайт.

23. Ижарага берүүчү тооруктарды өткөрүү үчүн төмөнкү документтерди даярдап, талапкерлерге берет:

- кыймылдуу же кыймылсыз мүлк обьектисине үчүнчү жактардын укуктарынын жоктугу жөнүндө тастыктоочу маалымкатты;

- техникалык паспорттун көчүрмөсүн же обьектинин техникалык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде техникалык коммуникациялар жөнүндө маалымкатты;

- муниципалдык менчиктеги обьекттин баалоочу же баланстык наркын;

- муниципалдык менчиктеги обьекттер боюнча орточо айлык амортизациялык чегертүүлөрдүн эсебин;

- жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлк салыгы) боюнча эсептерди;

- муниципалдык менчиктеги обьекттин ижара акысынын баштапкы наркын.

24. Ижарага берүүчү арыз ээсинин талабы боюнча анын техникалык абалын анын техникалык абалын текшерүү максатында ижара обьектисине кирүүнү камсыз кылууга тийиш. Арыз ээсинин талабы боюнча ижарага берүүчү таанышып чыгуу үчүн обьектке укук белгилөөчү жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.

25. Өткөрүлгөн тооруктар жөнүндө кулактандыруу маалымат такталарына, айылдык аймактын, райондун  сайтына , социалдык тармактарга жана башка маалымат каражаттарына тоорук башталганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.

Кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- обьекттин аталышы жана анын жайгашкан жери;

- обьекттин максаттуу багыты;

- тооруктарды өткөрүүнүн шарттары, күнү, орду;

- тооруктун баштапкы баасынын өлчөмү;

- арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган күнү;

- тооруктун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар (конкурс өткөрүлгөн учурларда);

-  тоорук маселелери боюнча кошумча маалымат алууга шарт түзгөн арыздарды кабыл алуучу жердин дареги.

26. Талапкерлер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча коштомо документтерди чапталган конвертке салып беришет.

27. Талапкерлерди каттоону Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери жүргүзөт. Кызматкер каттоо фактысы жөнүндө талапкерлерге кабарлоо менен атайын каттоо журналына киргизет (2-тиркеме).

28. Тоорукка каттоодон өткөн жана белгиленген форма (3-тиркеме_ боюнча арыз берген талапкерлер катыша алышат.

29. Эгер тоорукка катышкандардын саны экиден кем болбосо, тоорук өттү деп таанылат.

30. Муниципалдык менчиктеги обьектти ижаралоонун баштапкы баасы обьектиге байланышкан жер салыгынын, ошол обьект үчүн мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.

31. Муниципалдык менчиктеги обьектти ижаралоонун баштапкы баасын мүлктү баалоо боюнча сертификацияланган адистин корутундусунун негизинде белгилөөгө жол берилет.

32.   Тоорук эки этап менен өткөрүлөт.

33. Биринчи этапта Комиссия өтүнмөлөрдү берилген документтердин толуктугу боюнча талаптардын сакталганына жараша баалайт.

34.   Экинчи этапка өтүнмөлөрдү берилген документтердин толуктугу боюнча тооруктун талаптарына шайкеш келген талапкерлер киргизилет.

35.   Экинчи этапта төмөнкүлөргө баа берилет:

       -аукцион үчүн- сунуш кылынган максималдуу баа боюнча,

       -конкурс үчүн-коюлган максатка жетүү үчүн эң жакшы сунушталган шарттар боюнча.

36.  Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес кворуму болгондо жөнөкөй көпчүлүктүн добуштары менен кабыл алынат.

37.    Добуштар тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

38.    Тооруктарды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия протоколго кол коет, бул протокол тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жиберилет.

39. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Комиссиянын мүчөлөрү ушул Жобону бузулгандыгынын фактысы ырасталган учурда гана Комиссиянын пикирине макул болбоого укуктуу.

40. Комиссия же анын айрым мүчөлөрү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен макул болбогон учурда  тооруктун жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши өзүнүн чечими менен кабыл алат.

41. Арыздарды баалоону жүргүзүүдө техникалык мүмкүнчүлүк болгондо Комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.

 

6-глава. Аукцион түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

42.       Аукционду өткөрүү үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы аукционду алып баруучуну дайындайт.

43.       Аукциондун «айрым» баштапкы ижара акынын 10 пайызына чейинки өлчөмүндө белгиленет.

44.  Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун «арымын» аукционду алып баруучу жарыялангандан башталат.

45. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.

46. Аукционду алып баруучу аукциондун баштапкы баасын жарыялайт жана катышуучуларга бааны аукциондун белгиленген «арымынан» кем эмес өлчөмдө жогорулатуу сунушу менен кайрылат.

47. Аукциондун катышуучусу өзүнүн билетин көтөрүп, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макулдугун тастыктоо менен аукционду алып баруучуга кайрылат.

48. Эгер аукционду алып баруучу кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы-жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.

49. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш (4-тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.

50. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, комиссия аукциондун жеңүүчүсүнөн кийин экинчи жогорку бааны сунуштаган катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде рейтингде экинчи орунду ээлеген катышуучу аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.

51. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон баш тартып, беш иш күндүн ичинде Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү менен аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижаралоо келишими түзүлөт.

52. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса;

- 50-пунктта каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;

- баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялангандан кийин аукциондун бир да катышуучусу жогорку бааны сунуш кылбаса;

- баштапкы ижара акы акысын үч жолу жарыялангандан кийин аукциондун бир да катышуучусу жогорку бааны сунуш кылбаса.

53. Аукцион өткөн жок деп таанылган учурда кайрадан аукцион дайындайт.

54. Эгер экинчи аукцион да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөн аукциондун жалгыз  берүү тууралуу чечим кабыл алууга же тоорукту жокко чыгарууга укуктуу.

 

7-глава. Конкурс түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

            55. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү муниципалдык менчиктеги обьекттин максаттуу багытын жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү жамаатты социалдык коргоо программасынын талаптарына, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечимдерине жараша аныктайт.

56. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү максаттуу багыттын негизинде обьектти пайдалануу боюнча конкурстук талапты иштеп чыгат, ал конкурска катышууну каалагандарга берилет.

57. Арыз берүүчүлөрдөн конкурстук сунуштарды ачуу Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.

58. Комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун негизги шарттарын жарыялайт жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.

59. Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө Комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрү конкурстун сунуштарын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

60. Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурстук сунушун негиздеп берүү укугу берилет.

61. Конкурстук сунуштарды 5-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде Комиссиянын ар бир мүчөсү өз-өзүнчө баалап чыгат.

62. Конкурстун жеңүүчүсү ар бир өтүнмө боюнча Комиссиянын мүчөлөрү койгон упайларды суммалоо жолу менен аныкталат.

63. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун бардык катышуучуларынын упайларын жана конкурстун жеңүүчүснө берилген бааны көрсөтүү менен протокол түзүлөт. Протоколдун формасы 6-тиркемеде берилди.

64. Конкурстун эки же андан көп катышуучулары алган упайлары тең болгон учурда берилген конкурстук сунуштарды кайталап баалоо менен кошумча талкуулоо жүргүзүлөт.

65. Эгерде кайталап баалоо менен бир жеңүүчүнү аныктай албаса, анда чечим бирдей жогорку упай алган катышуучулардын ортосундагы чүчүкулактын негизинде кабыл алынат.

66. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде ижарага берүүчү менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижара келишими түзүлөт.

67. Эгер конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия конкурстун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи орунду ээлеген катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат.Эгерде экинчи орунду ээлеген катышуучу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.

68.Төмөнкү учурда конкурс өткөн жок деп эсептелет:

-   бир катышуучу катышса;

- 67-пунктта каралган учурда экинчи орунду ээлген тооруктун катышуучусу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;

- эгерде Комиссиянын пикири боюнча бир дагы өтүнмө конкурс үчүн коюлган талаптарга жооп бербесе.

69. Конкурс өтпөй калды деп таанылган учурда, кайрадан конкурс дайындалат.

70. Эгер экинчи конкурс да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөн конкурстун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же конкурсту өткөрүүнү жокко чыгарууга укуктуу.

 

8-глава.Муниципалдык менчиктеги обьекттерди түз берүү

71. «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин жоболору муниципалдык менчиктеги обьекттерди тооруктарды өткөрбөстөн түз берүү ыкмасын  колдонуу үчүн негизги болуп саналат.

72.  Муниципалдык менчиктеги обьекттерди тоорук өткөрбөстөн берүү жөнүндөгү чечим ар бир учур боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими менен кабыл алынат.

73.  Муниципалдык менчиктеги обьекттерди  ижарага түз берүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:

- муниципалдык мүлктү пайдаланган ижарага алуучу мурда түзүлгөн ижара келишиминин бардык талаптарын сактап, ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ижара жөнүндө өтүнүч менен кайра кайрылса;

- обьекттин максаттуу багыты маанилүү социалдык маселелерди чечүү менен байланыштуу болуп, мында айыл аймактын чегинде бул социалдык тапшырманы аткарууга жөндөмдүү башка уюмдар болбосо;

- обьектиге турмуштук оор кырдаалда турган адамдар, улгайган адамдар, жетим балдар,ден-соолугунун мүмкүчүлүктөрү чектелүү адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү жана башка талапкерлер болсо;

- мурда мөөнөттүү  (убактылуу) пайдаланууга берилген муниципалдык жер участогунда бул адамдарга менчик укугунда таандык имараттар жана курулмалар жайгашса;

- муниципалдык менчиктеги обьект белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлуп, ижарага берилбесе.

74. Муниципалдык менчиктеги обьекттерди түз сүйлөшүүлөр менен ижарага алууга талапкерлер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө арыз беришет, мында өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт;

- арыз ээси жөнүндө маалымат (фамилиясы,аты атасынын аты, жашаган жери);

- муниципалдык менчиктеги обьекттин жайгашкан жери жана аталышы;

- болжолдуу максаттуу багыты;

- муниципалдык мүлктү түз берүү үчүн багыттама;

- жергиликтүү жамаат ала турган пайда.

        75. Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карап чыгат, андан кийин чечим кабыл алат ,бул чечим протокол түрүндө таризделет.

        76. Комиссиянын чечиминин протоколу муниципалдык менчиктеги  обьектти   түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кароосуна киргизилет.

        77. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечиминин негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтому кабыл алынган күндөн тартып беш күндүн ичинде Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы менен ижарачынын ортосунда ижара келишими түзүлөт.

 

9-глава.Муниципалдык мүлктү пайдаланууга же ижарага берүүдө келишимдик мамилелердин өзгөчөлүктөрү.

            78.   Муниципалдык мүлктү пайдалануу келишими мөөнөтсүз мезгилге же ижарага берүүчү белгиленген мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

79.   Муниципалдык мүлктү ижарага берүү мөөнөтүн ижарага берүүчү белгилейт.

80. Пайдалануу же ижаралоо келишиминин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен киргизилет.

81. Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирилбестен өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы жана ижарага берүүчү тараптар колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен ижаралоо келишимин ошол эле мөөнөткө узарта алышат.

82. Ушул Жобонун 82-пунктуна ылайык ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу айрым бир шарттар менен түзүлөт, эгерде ижарачы:

1)  ижара акысын, туумдарды, коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлк салыгын төлөө боюнча карызы болбосо (эгерде аларды төлөө милдети ижарачыга жүктөлсө);

            2) ижара акысын өз убагында төлөбөгөндүгү форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, ижарага алган мөөнөт ичинде ижара акысын бир нече жолу кечиктирбесе;

            3) конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарса.

      83. Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдөн жүйөөлүү баш тартуусу ижарачыга келишимди узартуу тууралуу сунушту алган учурдан тартып беш иш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жиберилүүгө тийиш.

     84. Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акысы тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

     85. Ижара келишими төмөнкү учурларда токтотулат:

       1) келишимди колдонуу мөөнөтү жана же мындай ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда;

       2) тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулганда;

       3) тараптардын биринин талабы боюнча сот ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузганда;

       4) ижарачы-юридикалык жак жоюлганда;

       5) жеке жак- ижарачы каза болгондо, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок деп табылганда;

       6) ижарачы  ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүүгө макул болбогондо.

       86. Ижарага берүүчү келишим шарттарын бузган ижарачыдан буларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу.

Эгерде:

        1) ижара обьектисин же мүлктүн багытын ижара келишиминин шарттарын бузуу менен колдонуп жатса;

        2) муниципалдык мүлктү ижарага берүүчүнүн макулдугусуз субижарага өткөрүп берсе;

        3) ижара келишиминде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин катары менен эки жолудан ашык ижара акысын төлөбөсө;

        4) эксплуатациялоо  процессинде ижара обьектинин техникалык мүнөздөмөлөрү начарласа, же зыянга учураса, аларды жоюу үчүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү талап кылынса;

      87. Ижарачы төмөнкү учурларда ижарага берүүчүдөн келишимдик милдеттенмелерди аткарууну же кетирген кемчиликтерди четтетүүнү  талап кылууга укуктуу:

       1) ижарага берүүчү келишимдин шарттарына ылайык ижара обьектисин пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;

       2) ижарага берилген муниципалдык мүлктүн кемчиликтери болсо, ижара келишимин түзүүдө айтылбаса жана келишим түзүүдө ижара обьектисин карап чыгуу учурунда аныкталбай калса.

      88. Ижара келишимин токтотуу ижарачынын ижара акысын төлөө жана туумдар менен айыптарды төлөө зарылчылыгынан бошотпойт.

     89. Ижарачы ижара мөөнөтүнүн ичинде капиталдык ремонт жасаган учурда тараптардын макулдашуусу боюнча ремонт иштерине кеткен чыгымдар ижара акысы катары эсепке алынышы мүмкүн.

     90. Муниципалдык мүлктүн эскиришин калыбына келтирүү жана амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруусу боюнча талаптарды көрсөтүү ижара келишимин түзүүдө милдеттүү шарт болуп саналат .

     91. Ижарага берүүчү амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча шарттардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылууга милдеттүү.

     92. Ижара обьектисин кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө шарттар ижара келишимине киргизилүүгө тийиш.

     93.Эгерде ижара келишиминде башкача каралбаса, ижара обьектисин кабыл алуу-өткөрүп берүүгө даярдоо ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.

     94. Келишим токтотулганда ижарачы ижара обьектисин жакшы абалда ижарага берүүчүгө кайтарып берүүгө милдеттүү.

     95. Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык-укуктук, тартиптик же жазык жоопкерчилигине тартылышат.

     96. Күнөөлүү тарап экинчи тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана ижара келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган бардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме

 

Кимге:________________________

Ат-Башы айыл аймагынын

айыл өкмөтүнүн башчысына

Кимден:

______________________________

(аты-жөнү)

______________________________

 

Тел: __________________________

 

 

АРЫЗ

 

________________________________________ муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүү боюнча тоорукка (аукционго/конкурска) катышууга уруксат берүүнүздү өтүнөм.

 

Тиркелген документтердин тизмеги:

 

1)___________________________________________________________________

 

2)___________________________________________________________________

 

3)___________________________________________________________________

 

4)___________________________________________________________________

 

 

Өтүнмө ээсинин кол тамгасы ____________________________________________

                                                                             (инициалдары жана фамилиясы)

 

20____-жылдын “____”________________________.

 

Өтүнмөнү каттоо күнү жана номери

 

20____-жылдын “____” ________________ №_____.

 

____________________________________________________________________

(өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызматы, инициалдары жана фамилиясы, кол тамгасы)

 

 

2-тиркеме

 

КАБАРЛАМА

 

(документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)

 

20____-жылдын                                                                                                “___” ______________________

 

Ат-Башы айылы

 

Каттоо номери ______________________

 

  1. Кимден:

______________________________________________________________________________________

(фамилиясы, аты, атасынын аты, талапкердин – жеке жактын паспортунун номери)

 

______________________________________________________________________________________

(юридикалык жактын аталышы)

 

___________________________________________________ муниципалдык менчигинде турган жана

 

_______________________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан

 

_________________________________________________________________________________

(жайгашкан жердин сүрөттөлүшү)

 

объектти ижарага алуу үчүн тоорукка (аукционго, конкурска) катышууга өтүнмө кабыл алынды.

 

  1. Тоорук (аукцион, конкурс) 20____-жылдын  “____”____________________өтөт.

 

_________________________________________________ имаратындагы кабинеттин №___________

 

Дареги________________________________________________________________________________

(жайгашкан жери – толугу менен жазылат)

 

  1. Өтүнмө менен катар төмөнкү документтер кабыл алынды:

 

______________________________________________________________________________________

 

______________________________________________________________________________________

Талапкердин өтүнмөсүн кабыл алуу жана каттоо үчүн жооптуу адамдын аты-жөнү, кызматы жана кол тамгасы

 

______________________________________________________________________________________

(кол тамгасы)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-тиркеме

 

 

Өтүнмө ээлерине (талапкерлерге) тоорукка

катышууга уруксат берүү жөнүндө

 

20___-жылдын “_____” _____________________________№_____

 

ПРОТОКОЛ

 

Комиссиянын курамы:

 

Төрагасы ____________________________________________________________________________________

 

Катчысы_____________________________________________________________________________________

 

Комиссиянын мүчөлөрү _______________________________________________________________________

 

Өтүнмөлөрдүн саны ____________________________________

 

Тоорукка катышууга уруксат алган өтүнмө ээлери (талапкерлер) (аты-жөнү):

 

  1. ______________________________________________________________________________________

 

  1. ______________________________________________________________________________________

 

  1. ______________________________________________________________________________________

 

 Тоорукка катышууга уруксаты жок өтүнмө ээлери (талапкерлер) (аты-жөнү):

 

  1. _______________________________________(уруксат берилбеген себебин көрсөтүү менен)

 

  1. _______________________________________(уруксат берилбеген себебин көрсөтүү менен)

 

  1. _______________________________________(уруксат берилбеген себебин көрсөтүү менен)

 

 

Комиссиянын төрагасы____________________________________________________

 

 

 

4-тиркеме

 

Аукционду өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

20____-жылдын “______” ____________________________ №______

 

ПРОТОКОЛ

 

Аукциондун уюштуруучусу:

____________________________________________________________________________________________

Аукционду алып баруучу:

____________________________________________________________________________________________

 

Женүүчү_____________________________________________________________________________

 

Экинчи женүүчү______________________________________________________________________

 

Ушул лот боюнча аукционго катышкан катышуучулардын саны _____________________________________

 

             Номер _______________лот

 

Объекттин аталышы __________________________________________________________________________

 

Жайгашкан жери_____________________________________________________________________________

 

Объекттин мүнөздөмөлөрү (аянты, жылы ж.б.) ___________________________________________________

 

____________________________________________________________________________________________

 

Ижара мөөнөтү ______________________________________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

Баштапкы баасы ______________________________________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

Акыркы баасы ______________________________________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

 

Тооруктарды уюштуруучу _____________________________________________________________________

                                         (аты-жөнү)                                кол тамгасы

 

Аукционду алып баруучу _____________________________________________________________________

                                         (аты-жөнү)                                кол тамгасы

 

Аукциондун женүүчүсү ______________________________________________________________________

                                         (аты-жөнү)                                кол тамгасы

 

 

                                                            

 

5-тиркеме

 

Муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүү укугуна конкурс

өткөрүүдө баалоо критерийлери

 

Критерийдин аталышы

Баалоочу упайлар

 

1

Бул объект үчүн коюлган максатка жетүүнүн негиздүүлүгү

 

 

  • максатка жетүү мүмкүн болбойт деген жогорку тобокелдиктер

0

 

  • максатка жарым-жартылай жетүүгө болот

10

 

  • максатка жетүү ыктымалдыгы жогору

20

 

2

Жергиликтүү жамаатка тийгизген оң таасири

 

 

  • пайданы жарандардын чакан тобу көрөт

5

 

  • оң таасирин бардык айыл сезет

10

 

  • оң таасир айыл аймагынын бардык        чегинде болот

20

3

Муниципалдык менчиктеги объектти туруктуу пайдалануу

 

 

  • мүлктүн эскиришин калыбына келтирүүнүн туруктуу ыкмаларыкаралган эмес

0

 

  • эскирген мүлктү калыбына келтирүү ыкмалары формалдуу мүнөзгө ээ

5

 

  • келечекте аларды максаттуупайдалануу менен амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо ыкмалары толугу менен каралган

10

4

Жарандардын аярлуу топторуна тийгизген таасири

 

 

  • жарандардын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүү каралган эмес

5

 

  • калктын аярлуу катмарындагы адамдар үчүн белгилүү бир жумуш орундарын түзүү болжолдонууда

10

 

  • долбоор толугу менен жарандардын аярлуу топторун колдоого багытталган

25

5

Инновацияларды киргизүү

 

 

 

  • инновациялар жок

0

 

  • инновация өтүнмө ээсинин өзүнүн ишин жакшыртууга таасир этет

10

 

  • инновация бүтүндөй жамааттын өнүгүшүнө таасир этет

25

 

Баардыгы:

Максималдуу 100 балл

 

 

 

 

6-тиркеме

 

Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

20____-жылдын “_____” _______________________ №_____

 

ПРОТОКОЛ

 

Комиссиянын курамы:

 

Төрага____________________________________________________________________________________

 

Катчы ____________________________________________________________________________________

 

Комиссиянын мүчөлөрү _____________________________________________________________________

 

Жеңүүчү__________________________________________________________________________________

 

Экинчи жеңүүчү___________________________________________________________________________

 

Объекттин аталышы _______________________________________________________________________

 

Жайгашкан жери__________________________________________________________________________

 

Объекттин мүнөздөмөсү (аянты, жылы ж.б.)___________________________________________________

 

_________________________________________________________________________________________

 

Ушул лот боюнча түшкөн сунуштардын саны _________________________________________________

 

Катышуучу

Конкурстук сунуш

Упайлардын саны

 

Конкурстун жеңүүчүсү

 

 

 

Экинчи жеңүүчү

 

 

 

ж.б.

 

 

 

 

 

Ижара мөөнөтү _______________________________________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

Ижара акысы ________________________________________________________________________________

(сандар жана сөз менен)

Конкурстук комиссиянын төрагасы______________________________________________________________

                                                                                       (аты-жөнү)                           (кол тамгасы)

 

Конкурстук комиссиянын катчысы ______________________________________________________________

                                                                                       (аты-жөнү)                           (кол тамгасы)

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет