Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 04-ноябрь 2017-жылдагы №75 каты жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги VIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 8-1

 

                        Ат-Башы айылы                                                                                       26-декабрь 2017-жыл                                                                                  

 

Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 04-ноябрь 2017-жылдагы

№75 каты жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондуна инвентаризация жүргүзүлүп бүткөндүктөн материалдарын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдын №36-б буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топтун 26.12.2017-жылдагы актысы бекитилсин. (акт 2 (эки) баракта тиркелет)

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы      К. Чоробековго тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом  айыл өкмөтүнүн  аппаратынан  каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                      Т. Ыдырысов                                                                                                                                          

                                                                                                                   

 

Каттоо № 31

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

26-декабрь 2017-жылдагы

№8-1 токтомуна  №1 тиркеме

 

Жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө

АКТ

 

Нарын облусу Ат-Башы району 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү

26-декабрь 2017-жыл                                                                                  Ат-Башы айылы

  1. Бул акт Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдын №36-б буйругуна ылайык жер фондун инвентаризациялоо боюнча төмөнкү курамындагы жумушчу топ комиссия түзүлдү:

 Жумушчу топтун (комиссиянын) төрагасы:

К. Жапаров – айыл өкмөттүн башчысынын орун басары;

Комиссиянын мүчөлөрү:

  1. К. Асаналиев – айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси;
  2. Р. Асанкул уулу – айыл өкмөттүн башкы адиси;
  3. Ж. Кожобердиев – жайыт комитетинин төрагасы;
  4. М. Абдылдаев – айылдык кеңештин депутаты;
  5. К. Асаналиев – айылдык кеңештин депутаты;
  6. Ч. Сагындыков – Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын топ жетекчиси;
  7. Ж. Асанбек уулу – Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын жетектөөчү адиси;
  8. У. Акматов – Ат-Башы райондук мамкаттоо башкармасынын жетектөөчү адиси

 

анткени, 2017-жылдын 4-апрелинен баштап, 15-ноябрына чейин Нарын облусунун Ат-Башы  районунун Ат-Башы айыл аймагында талаага чыгып изилдөө жолу менен жалпы 72816 гектар аянтына инвентаризациялоо  жүргүзүлдү. Мунун ичинен айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жер аянты 35907  гектар.

2.  Инвентаризациялоо жүргүзүүдө төмөнкү материалдар колдонулду:

-Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык округунун административдик чек араларын тактоо долбоору 2012-ж.;

-Ат-Башы  айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору 2017-ж.;

-Ат-Башы айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондусунун (ФПС) жерлерин инвентаризациялоо материалдары 2010-ж;

-Ат-Башы айыл аймагынын жерди инвентаризациялоо материалы 1994-ж.;

-Ат-Башы айыл аймагынын 01.01.2016-жылга карата түзүлгөн  жер отчету;

3. Жерди инвентаризациялоонун натыйжалары белгиленген форма боюнча түзүлгөн отчетто көрсөтүлдү, жер фондусунун экспликациясы тиркелет.

  1. Жумушчу тобунун корутундусу жана сунушу:

1.Союз мезгилинде мал кыштатуу үчүн курулган бир нече сарайлар картага түшпөй  калган жана 1998-жылдардан бери эски кыштоо жер аянттардын ордуна курулуш курулуп, мал багылып жаткандыктан сарайлардын аянтын тактап, өзүнчө  контур берүүңүздөрдү сурайбыз.

 

2.Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндө 1991-1994-жылдардагы картага схема чийилип келген. Ошондуктан  көптөгөн талаш-тартыш жерлерди тактап, жаңы инвентаризация жүргүзүп берүүңүздөрдү сурайбыз жана комиссиянын кароосуна коюлушу керек.

Жумушчу топтун (комиссиянын) төрагасы:             ______________ Жапаров К                                                      

     Жумушчу топтун (комиссиянын) мүчөлөрү:                                                                           

1

Асаналиев К__________________

2

Асанкул у Р__________________

3

Кожобердиев Ж_______________

4

Абдылдаев  М________________

5

Асаналиев К__________________

6

Сагындыков Ч________________

7

Асанбек у Ж_________________

8

Акматов У___________________

   
   

                                 

         

  1.  Бул Акт төрт нускада түзүлдү, айыл өкмөтүнө 1 нуска, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация  министрлигинин  “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институту мамлекеттик ишканасына, Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясына 1 нуска, райондук комиссияга 1 нуска.                                                        

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет