Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XXII сессиясынын
ТОКТОМУ №22-1
12-октябрь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 20-сентябрындагы Ат-Башы айылынын жашоочуларынын Ат-Башы айылынын жаңы даярдалып, бирок юридикалык жактан толук бекитиле элек башкы планына (генпланга) өзгөртүү киргизип берүүнү сурап жазган арызынын, ошондой эле 2022-жылдын 29-сентябрындагы Ат-Башы айылынын Химия чөлкөмүнүн тургундарынын “Ак-Дан” акционердик коомуна тиешелүү 13424,4 чарчы метр жер аянтынын максат багытын өзгөртүп, башкы планга киргизип берүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү боюнча айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б.Жунусалиевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын башкы планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин;
- Ат-Башы айылынын башкы планына Ат-Башы айылынын Мухтар Өмүракунов атындагы борбордук көчөсүнүн туурасы 30 (отуз) метр, куруу сызыгы 3 (үч) метр кылып өзгөртүү киргизүү жагы “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик долборлоо институтуна сунушталсын;
- Ат-Башы айылынын “Ак-Дан” акционердик коомуна тиешелүү 13424,4 чарчы метр жер аянтынын 4-02-01-1001-2789 идентификациялык коду айыл чарба багытындагы жерлерин жеке турак жай куруу максат багытына өзгөртүп, Ат-Башы айылынын башкы планына киргизүү жагы “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик долборлоо институтуна сунушталсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б.Жунусалиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №103