Ат-Башы айылында жылкыларды идентификациядан өткөрүү ( чип басуу) иштери жүрүп жатат.
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы №91 “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндөгү” мыйзамынын 1-главасынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлар багылган жана көбөйтүлө турган чарбалар каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш. Бүгүнкү күндө Ат-Башы айылында жылкыларды идентификациядан өткөрүү ( чип басуу) иштери жүрүп жатат. Жылкыларга чип басылып электрондук дарекке катталат. Ири мүйүздүү малдын кулагына номерлүү бирка тагылат, муну салуунун максаты — мамлекеттин талабы. Бул мал менен алектенгендерге, алып-сатарларга, малдын коопсуздугуна жакшы, ошондой эле малды тактоо жана көзөмөлдөөдө оңой болот. Басылгандан кийин ал мал жөнүндө толук маалымат базага кирет..
Андыктан жылкыларды идентификациядан өткөрүү зарыл экендигин эскертебиз, себеби, идентификациядан өтпөгөн малдарга сатууга жана ветеринардык коштоочу документ берүүгө уруксат берилбейт.
Урматтуу мал ээлери! Жогорудагылардын негизинде жылкыларга чип бастыруу иштерин колго алып, активдүү болуунуздарды өтүнөбүз. Ар бир жылкыга басылуучу чиптин баасы 150 (бир жүз элүү) сомду түзөт, ошондой эле малды каттоо убагында бир гана идентификациядан өткөн мал катталаарын эскертебиз.
Идентификациядан өткөрүү (чип басуу) иштери боюнча айыл өкмөттүн ветеринардык адиси Өскөналы уулу Актанга, ошондой эле Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгына жана жеке ветеринардык сервистерге кайрылсаныздар болот.
Телефон: 0702 12 57 87 Актан