Элдик Курултайга баруу үчүн жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги !

                                                                   Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары!

        2022-жылдын 15-августундагы №284 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык  Ат-Башы айыл аймагында биринчи Элдик Курултайга баруу үчүн жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги 2022-жылдын 15-сентябрында  Ат-Башы айылдык кеңешинин кезексиз XX сессиясында бекитилген жана чогулуштар ушул бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт. Жергиликтүү курултайга делегаттыкка талапкерлигин көрсөтүү ошол кварталдагы айылдын жергиликтүү тургундары жана ушул кварталда төрөлүп, башка жакта жашаган жарандар дагы укуктуу.  Делегаттарды шайлоо ачык добуш берүү жолу менен чогулушка катышып жаткандардын көпчүлүгүнүн добушунун негизинде шайланат.

Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары, жарандык активисттер жана жаштар, баарыңыздарды жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоого активдүү катышууга чакырабыз!

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет