Бодо малдарыңыздарды бадага кошуп же багууга кошуп, Ат-Башы айылынын көчөлөрүнө чыгарбооңуздарды сурайбыз.
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары!
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын 2022-жылдын 18-августундагы № 18-9 сандуу токтомунун негизинде жыл ичинде ички тартип эрежелерин бузуп, калктуу конушта алып калган бодо малдарын бадага кошпостон же жайлоого малчыларга багууга бербестен Ат-Башы айыл ичинде жана калктуу конуштардагы көчөлөргө чыгарып койгон кароосуз жүргөн малдардын ээлерине Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 124-беренесинин негизинде жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, ал эми юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу жагы сессияда бекитилген.
Урматтуу айыл тургундары!
Жогорудагылардын негизинде бодо малдарыңыздарды бадага кошуп же багууга кошуп, Ат-Башы айылынын көчөлөрүнө чыгарбооңуздарды сурайбыз, көчөдө кароосуз жүргөн малдар айыл өкмөтү тарабынан камакка алынып, тиешелүү актылар түзүлүп мыйзам чегинде айып пул салынаарын эскертебиз.
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү.