Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имаратынын ички жасалгалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XIX сессиясынын
ТОКТОМУ №19-1
5-сентябрь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган
Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имаратынын ички жасалгалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Т. Солтобаевдин 2022-жылдын 2-сентябрындагы чыгыш №01-25/296 сандуу сунушунун негизинде Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имаратына ички жасалгалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондусуна жазылып жаткан долбоорду колдоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имаратка “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондусунун эсебинен ички жасалгалоо жана ондоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №101