Ат-Башы айылындагы 21 окуучу балдар кыздарга мектепке керектүү канцелярдык товарлар жана сумкалар менен камсыз болушту.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевдин демилгеси менен жергиликтүү бюджеттен айылдык Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 2022-жылга бекитилген бюджетинен каралган акча каражатынын эсебинен Ат-Башы айылындагы 21 окуучу балдар кыздарга мектепке керектүү канцелярдык товарлар жана сумкалар менен камсыз болушту.
Аталган балдар ата энелердин коштоосунда айыл өкмөттүн имаратына чакырылып ,жылуу жагдайда пикир алышуу болду. Ошондой эле өз сөзүндө айыл өкмөт башчысы А. Аалиев балдарды баккан камкорчуларына ден соолук , иштерине ийгилик каалап, балдардын жаңы окуу жылы менен куттуктап ден соолук , окууларына ийгилик, талыкпай билим алып Ат-Башы айылынын элине кызмат кылган жана Кыргызстандын атын тааныткан улуу инсандардан болушуна тилектеш экендигин билдирди.