Ат-Башы айылындагы “Улан” жаны конушуна кызматтык турак үй куруу үчүн жер аянтын бөлүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги XVIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №18-13

18-август  2022-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы

 

Ат-Башы айылындагы “Улан” жаны конушуна кызматтык турак үй  куруу үчүн жер аянтын бөлүү  жөнүндө

 

Ат-Башы айылылынын “Улан” жаны конушуна көп батирлүү кызматтык турак үй куруу үчүн 7536,14 чарчы метр жер аянты (бирдейлештирилген номери 4-02-01-1002-0784) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-жана 31-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 25-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына өткөрүп берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                       

  1. Ат-Башы айылынын “Улан” жаны конушуна көп батирлүү кызматтык турак үй куруу үчүн 7536,14 чарчы метр жер аянты Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
  1. Долбоорлук жана укук берүүчү документтери менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук архитектура башкармалыгына жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы филиалынан суралсын;
  1. Жогорудагы бөлүнүп берилген жер аянты башка максаттарга пайдаланылбасын;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго жүктөлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге  тапшырылсын.

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                         К. Айдыралиев

                                                                                                           

                                                                                                                                                       Каттоо №100

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет