Ат-Башы айылындагы бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден алынуучу атайын каражатка кошумча план суроо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ №18-12
18-август 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылындагы бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден алынуучу атайын каражатка кошумча план суроо жөнүндө
Ат-Башы айылындагы бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден алынуучу атайын каражатка пландын жетишсиздиги боюнча айыл өкмөттүн ФЭБдин башчысы Т. Жусубалиевдин берген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден алынуучу атайын каражатка план жетишсиз болгондуктан Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен 470 000 (төрт жүз жетимиш миң) сом кошумча план берүү жагы суралсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №99