Ак-Сай өрөөнүндөгү китепканага Мамбетакунова Бактагүл Орозакуновнанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ №18-11
18-август 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ак-Сай өрөөнүндөгү китепканага Мамбетакунова Бактагүл Орозакуновнанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Ат-Башы айылынын тургуну Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн 2022-жылдын 9-августундагы чыгыш №78 сандуу сунушун канааттандыруу максатында Мамбетакунова Бактагүл Орозакуновнанын көп жылдык эмгегин эске алып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканалык-информациялык борборлоштурулган китепканасынын Ак-Сай өрөөнүндөгү №1 китепканасына Мамбетакунова Бактагүл Орозакуновнанын аты ыйгарылсын;
- Аты ыйгарылган китепкананын ремонттук иштерин жүргүзүү жана материалдык базасын чыңдоо Б.Мамбетакуновага милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №98