Ат-Башы айыл ичиндеги жана калктуу конуштарындагы кароосуз жүргөн малдардын ээлерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин негизинде салынуучу айып пулдарды бекитип берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги XVIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №18-9

18-август 2022-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы

 

Ат-Башы айыл ичиндеги жана калктуу конуштарындагы кароосуз жүргөн малдардын ээлерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин негизинде салынуучу айып пулдарды бекитип берүү жөнүндө   

 

Ат-Башы айыл ичиндеги жана калктуу конуштарындагы кароосуз жүргөн малдардын ээлерине Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 124-беренесине ылайык салынуучу айып пулдарды бекитип берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н.Карыбековдун берген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагы райондун борбору болгондугун эске алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                        

  1. Жыл ичинде ички тартип эрежерин бузуп, калктуу конушта алып калган бодо малдарды бадага кошпостон же жайлоого малчыларга бербестен Ат-Башы айыл ичиндеги жана калктуу конуштарындагы көчөлөргө чыгарып койгон кароосуз жүргөн малдардын ээлерине Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 124-беренесине ылайык жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, ал эми юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынсын;
  1. Ат-Башы айылынын жана калктуу конуштарынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, ошондой эле маалымат каражаттарына жайылтылсын;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                         К. Айдыралиев

                                                                                                           

 

                                                                                                                                                        

Каттоо №96

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет