Ат-Башы айылынын ички ирригация тутумдарын жана суу чарба курулмаларын Ат-Башы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ №18-8
18-август 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын ички ирригация тутумдарын жана суу чарба курулмаларын Ат-Башы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
2021-жылдын 10-декабрындагы №151 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Суу кодексине, “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” КР Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында 2005-жылдын 12-январындагы №8 Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 16/1-беренесине ылайык Ат-Башы айылынын ички ирригация тутумдарын жана суу чарба курулмаларын Ат-Башы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси Т.Кудайбергеновдун берген сунушунун, Ат-Башы айылынын суу пайдалануучуларынын отурумунун 2022-жылдын 10-августундагы протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- №1 тиркемеде көрсөтүлгөн Ат-Башы айылынын ички ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмалары Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын; (Тиркеме тиркелет 1 баракта)
- Ирригациялык курулмалар муниципалдык менчиктин объектиси катары реестрге киргизилсин;
- Сугат сууну берүү боюнча маселелерди жергиликтүү маанидеги маселелер катары чечүүгө чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылансын, ал эми ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркы субсидий катары берилсин;
- Ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программасы иштелип чыгып, ишке ашырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси Т. Кудайбергеновго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №95
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 18-август
2022-жылдагы кезексиз XVIII
сессиясынын №18-8 токтомуна
№1 тиркеме
Ат-Башы айылынын ички ирригациялык обьектилери (ички каналдары)
№ |
Ички каналдардын аталыштары |
Узундугу (км) |
Көпүрөлөр |
Суу тосмолор (сооружение) |
Эскертүү |
1 |
Ат-Башы айылынын ичи |
5,560 |
8 |
5 |
|
2 |
Ак-Өргө, Улан конуштары |
6,119 |
2 |
0 |
3,050-3,069 |
3 |
Сары-Гоо, Лоток чөлкөмдөрү |
6,235 |
1 |
3 |
3-3,235 |
|
Жалпы: |
17914 |
11 |
8 |
|
Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба
маселелери боюнча жетектөөчү адиси Т. Кудайбергенов