Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин спорт залынын, ашканасынын эшик терезелерин алмаштыруу жана жылуулук берүүчү батарейкаларын коюу, ашкана мебелдерин жаңыртуу боюнча долбоор жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ №18-7
18-август 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин спорт залынын, ашканасынын эшик терезелерин алмаштыруу жана жылуулук берүүчү батарейкаларын коюу, ашкана мебелдерин жаңыртуу боюнча долбоор жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р. Асанкул уулунун жана бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун берген маалыматтарына ылайык айылга инвестиция тартуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2022-жылдан бюджетинин эсебинен Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине спорт залынын, ашканасынын эшик-терезелерин алмаштыруу жана жылуулук берүүчү батарейкаларын коюу, ашкана мебелдерин жаңыртуу үчүн өздүк салым катары бөлүнгөн 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондусуна өздүк салым катары каржылансын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р. Асанкул уулуна милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №94