2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги XVIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №18-6

18-август  2022-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы

 

2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган,

бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу  пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 1490 000 (бир миллион төрт жүз токсон миң) сом акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндөгү  сунуштарынын негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                       

  1. 2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 1490 000 (бир миллион төрт жүз токсон миң) сом акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

 

  1. Мектептер үчүн көмүр сатып алууга кошумча каражат – 240 000 сом;
  2. Ажыбек баатырдын эстелигин тосууга карыз  –  140 000 сом;
  3. А. Керимбаев атындагы орто мектебине өздүк салым  – 300 000 сом (“Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондусуна);
  4. М. Өмүракунов, С. Абыкеев атындагы борбордук көчөлөрдүн эки тарабына заманбап түнкү жарыктандырууларын орнотуу үчүн долбоорго өздүк салым  – 300 000 сом (“Ат-Башы райондук  өнүктүрүү” фондусуна);
  5. Ак-Өргө конушуна топосьемка – 100 000 сом;
  6. “Бирдиктүү терезе” жасоого - 200 000 сом;
  7. Таштанды салуучу урналарды алуу үчүн – 50 000 сом;
  8. К. Тыналиев атындагы бала бакчасына  – 10 000 сом;
  9. Ат-Башы РИИБнын кайрылуусу боюнча – 50 000 сом;
  10.  Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушу (КПНС) – 32 000 сом;
  11. “Асылзат-Зирек” атындагы бала бакчасына цемент алуу үчүн – 5 000 сом;
  12. А. Курманалиев атындагы бала бакчасына бөлмөлөрдүн эшиктерин алуу үчүн– 21 000 сом;
  13. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн алынуучу көмүргө кошумча каражат 42 000 сом;

 

  1. Жогорудагы 9-пунктта көрсөтүлгөн Ат-Башы айылындагы РИИБне каралган  50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бөлүнсүн;
  1. Каралган акча каражатын Ат-Башы РИИБнин муктаждыгына жараша чечип берүү жагы  Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы  А. Аалиевге тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                         К. Айдыралиев

 

 

 

 

                                                                                                                                                        Каттоо №93

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет