Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлөт.
Жарыя!
2022-жылдын 24-августунда саат 15.00 дө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлөт.
Коомдук угуунун өткөрүү максаты: Жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыз кылуу, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын бөлүштүрүлүшүнө жана колдонулушуна коомдук мониторингди күчөтүү.
Өткөрүү дареги: Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жыйындар залы.
Бардык каалоочулар чакырылат:
- бюджет тууралуу маалымат аласыз;
- сунуштарды жана эскертүүлөрдү берүү;
- ЖӨБ органдары чечиш керек болгон артыкчылыктуу көйгөйлөр тууралуу пикириңизди айта аласыз;
- кызыктырган суроолорду берүү.
Материалдар менен Ат-Башы айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан маалымат такталарынан таанышсаңыздар болот.