Ат-Башы айыл аймагына “Органикалык аймак” статусун берүү
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XVI сессиясынын
ТОКТОМУ №16-5
27-июнь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагына “Органикалык аймак” статусун берүү жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 21-июнундагы чыгыш №01-13/631 сандуу катынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Т.Кудайбергеновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айылын “Органикалык аймакка” өткөрүү маанилүүлүгүн эске алуу менен экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө шарт түзүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагына “Органикалык аймак” статусу берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Т. Кудайбергеновго жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №78