“Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингге айыл чарба техникасын (комбайн) алуу жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги XVI сессиясынын

 

ТОКТОМУ №16-4

 

27-июнь  2022-жыл                                          Ат-Башы айылы                                                                                        

 

“Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингге айыл чарба техникасын (комбайн) алуу жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  К.Жапаровдун берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде эгин жыюу маалындагы комбайн алуу муктаждыгын эске алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                          

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингге жаңы маркадагы “NOVA-340” үлгүсүндөгү комбайны “Автомаш-Радиатор” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан сунушталган коммерциялык баасы 8100 000 (сегиз миллион бир жүз миң) сомго жылдык 6 (алты) пайыз үстөгү менен 7 (жети) жылдык мөөнөткө алынсын; 
  1. Лизингге өздүк салым катары 2100000 (эки миллион бир жүз миң) сом “Айыл Банкка” алдын ала которулуп берилсин;
  1. Банкттын талаптарына ылайык алынган комбайн  “Айыл Банк” ААК аркылуу лизинг 1 жылдын 7 жылга чейин 6 % үстөгү менен камсыздандырууга 147000 (бир жүз кырк жети миң) сом жана техниканы каттоодон өткөрүү үчүн 10000 (он миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты которулуп берилсин;
  1. Лизингге алынган насыяны өз мөөнөтүндө пайыздары менен чогуу төлөп берүү “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын бюджетинин жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн жана эки тарапка өз убагында бул милдеттенмени аткарууга бирдей милдеттендирилсин;
  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана “Көрктүү аймак” ишканасынын директоруна “Айыл Банктан” лизингге техника (комбайн) алууга жазуу түрүндө уруксат берүүгө, “Айыл Банк” менен кепилдик келишимин түзүүгө жана кол коюуга жана башка лизингге байланыштуу иш аракеттерди жүргүзүүгө укук берилсин;
  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин бул токтому Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен кабыл алынды.    
  1. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү айылдык кенештин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                        А. Өмүракунов

 

                                                                                                                                                       

 

 

Каттоо №77

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет