Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылга карата долбоорун жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XVI сессиясынын
ТОКТОМУ №16-3
27-июнь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылга карата долбоорун жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылга карата долбоорун жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровдун берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылга карата долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 2023-жылга 36 741 100 сом;
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-2025-жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 2024-жылга 38 224 500 сом;
- 2025-жылга 39 864 400 сом;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №76