2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга баа бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XVI сессиясынын
ТОКТОМУ №16-2
27-июнь 2022-жыл Ат-Башы айылы
2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы
тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга баа бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун берген маалыматынын негизинде жогоруда аталган ишкана тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга 2022-2023-жылдарга карата баа бекитип берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акылар жеке жактарга төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ |
Техникалардын түрү |
Өлчөө бирдиги |
Катуу грунт |
Жүктөөлөр 1 рейс |
Жумуштун кыйынчылыгына жана жеңилдигине байланыштуу коэффициенти (-, +) |
1 |
Эксковатор |
1 м3 |
250 сом |
1000 сом |
3-10 % чейин |
2 |
Камаз |
1 рейс |
1200 сом |
|
3-10 % чейин |
3 |
МТЗ-82 |
1 га |
1300 сом |
|
3-5 % чейин |
4 |
Мусоровоз |
1 рейс |
800 сом |
|
1-5 % чейин |
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат акыларга 25 % кошулсун;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана Антимонополия мекемеси менен макулдашуу жагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №75