Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2022-жылдын 10-майындагы кезексиз XIV сессиясынын “2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитүү жөнүнд
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XVI сессиясынын
ТОКТОМУ №16-1
27-июнь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2022-жылдын
10-майындагы кезексиз XIV сессиясынын “2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитүү жөнүндөгү” №14-6 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2022-жылдын 10-майындагы кезексиз XIV сессиясынын “2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитүү жөнүндөгү” №14-6 токтомунда көрсөтүлгөн 2018-жылдын 10-августундагы №90 Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 74-75-76-беренелерине «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акылар жана жыйналуучу жыйымдар туура келбегендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын кызматкери Т. Жапаровдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, мыйзамга ылайык келбеген жергиликтүү кенештин жогорудагы көрсөтүлгөн токтомун жокко чыгаруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2022-жылдын 10-майындагы кезексиз XIV сессиясынын “2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитүү жөнүндөгү” №14-6 токтому жокко чыгарылсын;
- Жогоруда көрсөтүлгөн №14-6 токтомунун 1-2-пункттары жаңы токтом менен таризделсин;
- Ат-Башы айылынын жашоочуларынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акылардын төлөмү боюнча Антимонополия мекемеси менен мыйзамга ылайык кайрадан иштеп чыгып, кийинки сессияга сунуштоо жагы айыл өкмөттүн башкы адиси – юрист Н. Карыбековго жана башчынын орун басары К. Жапаровго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №74