Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз XV сессиясынын
ТОКТОМУ №15-3
03-июнь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021-жылдын 28-сентябрында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII-сессиясында Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге жана “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановго берилген “Эскертүү” тартиптик жазасы 23-июнь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата жана иштериндеги ийгиликтерин эске алып, дем берүү ирээтинде алынып салынсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрасынын
орун басары Э.Толубаев
Каттоо №73