Ат-Башы айылынын тургуну А.Талантбековдун кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XV сессиясынын
ТОКТОМУ №15-2
03-июнь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын тургуну А.Талантбековдун кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылынын тургуну А.Талантбековдун кичи ГЭС куруу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын тургуну А.Талантбековго кичи ГЭС куруу боюнча жеринде барып көрүп, мыйзамдуу жагын карап тиешелүү жообун берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы А.Сулаймановго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрасынын
орун басары Э.Толубаев
Каттоо №72