Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы А.Сулайманов көчөсүнүн башталышындагы 3,6га жер аянтына парк уюштурууга уруксат берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XV сессиясынын
ТОКТОМУ №15-1
03-июнь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы А.Сулайманов көчөсүнүн башталышындагы 3,6га жер аянтына парк уюштурууга уруксат берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер-турак жай боюнча башкы адиси Б.Жунусалиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы калктуу конушка кирген №224- контурдагы бадалдуу майда токой баскан суунун жээгиндеги 3,6га жер аянты парк куруу үчүн бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин;
- Курулган паркка мурда берилген эмгек ардагери маркум Мистекан Сооронбаеванын ысымы калтырылсын;
- Тиешелүү долбоорлоо жана сметалык документтерин даярдап долбоорду ишке ашыруу иштери жүргүзүлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылысын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрасынын
орун басары Э.Толубаев
Каттоо №71