Каржы пирамидаларына алданбоону эскертебиз!

         Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары! 

   Кыргыз Республикасынын Нарын областык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда республиканын аймагындагы райондук ички иштер бөлүмдөрүндө «S-Лайн» кооперативине батир алуу үчүн алдын ала акча төлөп, «Мега Инвест», «Элиза үй буюмдары» каржы пирамидаларына акчаларын көбөйтүүгө жана үй буюмдарын алууга акча каражаттарын которуп, салган акча каражаттарын кайра ала албай жаткандыктары боюнча арыз менен кайрылган жарандардын саны арбын болууда.

Жарандардын арыз даттануулары ички иштер органдарынын МЭЖ  (маалымат электрондук журналы) Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан улам Ат-Башы айыл аймагында жарандардын ар кандай шектүү финансылык махинацияларга туш болууларын алдын алуу максатында «S-Лайн», «Мега Инвест», «Элиза үй буюмдары» каржы пирамидалары менен иш алып барып жаткан айыл тургундарына финансылык алданып калуу коркунучу бар экендигин эскертебиз!   

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү.    

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет