Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн каражаттар жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-9
10-май 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине
кошумча түшкөн каражаттар жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин жыл ичинде кошумча түшкөн каражаттар боюнча берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн жана башка акы төлөөдөн түшкөн 525 000 (беш жүз жыйырма беш мин) сом, метеостанция куруу үчүн 2021-жылы которулган акча каражаты контролдук-көзөмөл жүргүзүүдөн кайра келип түшкөн 420 000 (төрт жүз жыйырма мин) сом, баардыгы 945 000 (тогуз жүз кырк беш мин) сом акча каражатына 2022-жылга кошумча план алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын;
- Берилген кошумча пландагы 945 000 (тогуз жүз кырк беш мин) сом акча каражаты Ат-Башы айылындагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын күн батыш тарабындагы аянтчага эс алуу аянтчасын курууга жумшалсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрасы А. Өмүракунов
Каттоо №70