Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги кезектеги XI сессиясынын №11-7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ №14-7

 

10-май  2022-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги кезектеги XI сессиясынын №11-7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековдун Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги кезектеги XI сессиясынын №11-7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү берген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                    

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги кезектеги XI сессиясынын №11-7 токтомунун ички тартип эрежелери жөнүндөгү №2 тиркемесине төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
  1. 1-пунктуна “Ат-Башы айыл аймагынын тургундары” деген сөздөр менен толукталып, “үчүн” деген сөз алынып салынсын; 
  2. 3-пункт кошулуп, “Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген жарандарга жайыт акысы келишимдин негизинде белгиленсин” деген сөздөр менен толукталсын;
  3. 14-пункт жокко чыгарылсын;
  4. 15-пунктка “бузуп” деген сөздөн кийин “алыскы жайытка малын көчүрбөстөн” деген сөздөр менен толукталсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Кудайбергеновго  милдеттендирилсин;
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрасы                                                          А. Өмүракунов

                                                                                                                                                        Каттоо №68

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет