2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-6
10-май 2022-жыл Ат-Башы айылы
2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы
тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга
баа бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 10-августундагы №90 Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин 74-75-76-беренелерине ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун берген маалыматынын негизинде жогоруда аталган ишкана тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйымдарга 2022-2023-жылдарга карата баа бекитип берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акылар жеке жактарга төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ |
Техникалардын түрү |
Өлчөө бирдиги |
Катуу грунт |
Жүктөөлөр 1 рейс |
Жумуштун кыйынчылыгына жана жеңилдигине байланыштуу коэффициенти (-, +) |
1 |
Эксковатор |
1 м3 |
250 сом |
1000 сом |
3-10 % чейин |
2 |
Камаз |
1 рейс |
1200 сом |
|
3-10 % чейин |
3 |
МТЗ-82 |
1 га |
1300 сом |
|
3-5 % чейин |
4 |
Мусоровоз |
1 рейс |
800 сом |
|
1-5 % чейин |
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат акыларга 25 % кошулсун;
- Ат-Башы айылынын калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым чогултуу “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлсүн жана жыйымдын ставкасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- жеке жактарга ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жай курулуштарынын ээлери ар бир жашоочу үчүн жылына 50 (элүү) сомдон төлөнөт;
- юридикалык жактар - соода жүргүзгөн жеке ишкерлерге, банк мекемелерине жана мекеме-ишканаларга бир жылга 1 (бир) чарчы метрине 20 (жыйырма) сом;
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, I топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылда иштегендерге, Авган согушунун катышуучуларына 100 пайыз өлчөмдө, ошондой эле II, III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга, 5 баладан өйдө көп балалуу үй-бүлөлөргө 50 пайыз өлчөмдө таштандыларды чыгаруу үчүн чогултуучу жыйымдан женилдиктер берилсин;
- Ат-Башы айылынын калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды жыйноо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттүү түрдө жүргүзүлөт;
- Ат-Башы айылынын квартал комитетинин башчыларына жогорудагы жыйымдарды чогултууга көмөк көрсөтүү жагы милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин;
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги кезектеги XI сессиясынын №11-6 токтому жокко чыгарылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрасы А. Өмүракунов
Каттоо №67