“Ак-Дан” акционердик коомуна тиешелүү 13424,4 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер аянтын турак-жай куруу максатына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-5
10-май 2022-жыл Ат-Башы айылы
“Ак-Дан” акционердик коомуна тиешелүү 13424,4 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер аянтын турак-жай куруу максатына өзгөртүүгө макулдук
берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевдин “Ак-Дан” акционердик коомуна тиешелүү 13424,4 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер аянты каражаттар боюнча берген маалыматын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ак-Дан” акционердик коомуна тиешелүү 13424,4 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер аянтын турак жай куруу максатында өзгөртүү боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиев тарабынан сунушталган материал жеткиликтүү деңгээлде даярдалбагандыгына байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын;
- “Ак-Дан” акционердик коомунун ишеним катынын негизинде кайрылган Таиров Эдикке жогорудагы маселе боюнча тиешелүү мекемелер аркылуу мыйзамдуулугун карап, аныктоо менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө сунуш берүү жагы тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрасы А. Өмүракунов
Каттоо №66