Ат-Башы айыл аймагынын кварталдык комитеттердин башчылары жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз XIV сессиясынын

ТОКТОМУ №14-4

10-май  2022-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы                                                                                         

Ат-Башы айыл аймагынын кварталдык комитеттердин башчылары жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековдун берген маалыматынын негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                        

  1. Ат-Башы айыл аймагынын кварталдык комитеттердин башчылары жөнүндөгү жобо тиркегеме ылайык бекитилсин; (Тиркеме №1)
  1. Бекитилген жобого ылайык айыл өкмөт менен тургундардын ортосунда тыгыз байланышта иш алып баруу жагы квартал комитетинин башчыларына тапшырылсын;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрасы                                                          А. Өмүракунов

 

                                                                                                                                                        Каттоо №65

 

 

                                                                                    Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                  Кеңешинин депутаттарынын 10-май

                                                         2022-жылдагы кезексиз XIV сессиясынын

                                                                        №14-3 токтомуна №1 тиркеме

 

Ат-Башы айыл аймагында кварталдык комитет башчылары жөнүндө
Жобо

I. Жалпы жоболор

II. Комитеттердин башчыларын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү

III. Комитеттердин башчыларынын функциялары жана ыйгарым укуктары

IV. Жыйынтыктоочу бөлүк

I. Жалпы жоболор

Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык кварталдык комитеттердин иш-аракетин жөнгө салат.

1.1. Квартал комитетинин жобосу айылдык кеңеш тарабынан бекитилет жана кварталдык комитет башчылары айыл өкмөтүнүн тармактарынын бир бутагы болуп эсептелет.

1.2. Квартал комитети айыл мыйзамынын негизинде ал жашаган көчөлөр боюнча айыл өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.

1.3. Квартал комитетинин негизги максаты-көчөнүн аймагында жашаган бардык атуулдардын, үй-бүлөлөрдүн бөлүнгүс биримдиги, ар бир үй-бүлөдө тынчтык, бейпилдик сактоо, жарандардын укуктарын коргоо, алардын социалдык жашоо турмушуна шарт түзүү, көчөнүн, үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү, санитардык жактан таза кармоо, ар бир атуулдун эмгек укук, финансылык тартиптин, аскердик учеттун талаптарын так сактоосуна айыл аймагынын мыйзамынын бардык талаптарын толук аткаруусун камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү, уюштуруучулук, көзөмөлдүк талап кылуучулук иштерин жүргүзүү.

1.4. Кварталдык комитетинин башчылары өз аймагындагы бардык маселелердин абалына жооп берет жана аларды көзөмөлдүккө алат жана орун алган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тиешелүү уюштуруучулук талап кылуучулук иштерди жүргүзөт.

1.5. Квартал комитетин түзүүнүн жана анын иштерин уюштуруунун тартибин анын укуктары жана милдеттери башка коомдук уюмдар, эмгек жамааттары менен болгон өз ара байланыш иш-аракеттерин квартал комитетинин жобосунда аныкталат. Анын жобосу айыл өкмөтүнүн сунушу менен айылдык кеңештин сессиясында бекитилет.

1.6. Кварталдардын жашоочуларынын жыйынында жашоочулардын экономикалык маданий, социалдык тартип тазалык ж.б.у.с. элдин жашоо турмушуна байланышкан бардык маселелер каралат.

1.7. Кварталда жашоочулардын жалпы чогулушунун аралыгында айрым күндөлүк маселелер, квартал комитетинин жыйынында каралып чечилет.

1.8. Элдик жыйында жана квартал комитетинин жыйынында кварталдын жашоочуларынын жана анын аймагындагы ишкана-мекемелердин, социалдык маданий күндөлүк жашоо шарттарын оңдоого багытталган чечимдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Президенттин Жарлыктарына, өкмөттүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү кеңештин чечимдерине өз алдынча башкаруу жамаатынын айыл аймагынын мыйзамдарына, чечимдерине туура келсе, кварталдын аймагындагы атуулдар, ишкана чарба жетекчилери аткарууга милдеттүү.

II. Квартал комитетин түзүү анын курамын шайлоо жана алардын иштерин уюштуруунун тартиби

2.1. Жалпы жыйналышты ошол аймактын тургундары айыл өкмөтү менен биргелешип уюштурушат жана өткөрүшөт. Квартал комитети айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан түзүлөт.

Квартал комитетинин башчылары  ошол кварталда жашоочулардын жалпы чогулушунда ачык добуш берүү менен шайланат.

2.2. Жалпы жыйналыштын ишине төмөнкүлөр катыша алат:

а) тийиштүү аймакта катталган 18 жашка толгон, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү;

б) Ат-Башы айылдык кеңештин депутаттары, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү добуш берүү укугу менен;

2.3. Кварталда жашоочулардын жалпы чогулушунда квартал комитетинин башчысынын кандидатурасы кварталдын жашоочуларынын сунушунун негизинде  айыл өкмөтү тарабынан чогулуштун катышуучуларына сунуш кылынат жана жыйналышка катышкан тургундардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер айыл өкмөт башчысынын макулдугу менен шайланды болуп эсептелинет.

Квартал  комитететинин башчылары айыл өкмөт башчысынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын сунушу менен алмаштырылышы мүмкүн.

2.4. Квартал комитетинин башчыларынын иш жөндөмдүүлүгүн камсыздоо квартал башчыларына жүктөлөт.

2.5. Квартал комитетинин башчылары 18 жаштан жогору, бул кварталда жана үйдө туруктуу катталган жана жашаган, ортодон  кем эмес билими бар  Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.

2.6. Ачык добуш берүүдө добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүн алган талапкерлер шайланды болуп саналат. Квартал башчыларын шайлоо боюнча кеңешмеде добуш берүү укугу менен Ат-Башы айылдык кеңештин аймактык депутаттык тобунун депутаттары, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катыша алышат.

2.7. Квартал комитетинин башчылары аларды шайлаган жарандардын чогулушуна жана каттоодон өткөргөн Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнө жыл ичинде жүргүзүлгөн иштер боюнча отчет берип турат жана отчету канааттандырарлык деп табылса, квартал комитет башчыларынын ишмердүүлүгү андан ары улантылат.

III. Кварталдык комитет башчыларынын милдеттери жана ыйгарым укуктары.

3. Кварталдык комитет башчыларынын укуктары:

а) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда бул аймакта жашаган жарандардын коомдук кызыкчылыгын, өз укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыгын билдирүүгө жана коргоого;

б) тийиштүү аймакты өнүктүрүү пландарын жана программаларын иштеп чыгууда катышууга;

в) социалдык чөйрөдөгү обүекттерди кабыл алууга катышууга;

г)  Ат-Башы айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууда көмөк көрсөтүүгө;

д)  курулуш эрежелерин сактоого, турак жай жайларын пайдаланууга, турак үйлөрдү жана үй алдындагы аймактарды күтүүгө, өрт коопсуздугун жана санитардык нормаларын сактоого, жер, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, маданият жана тарых эстеликтерин коргоого коомдук контроль жүргүзүүгө, табылган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды тийиштүү органдарга киргизүүгө;

ж)  коомдук жашоонун ар кандай маселелери боюнча демилге  көтөрүп чыгууга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө;

з) Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары жана чечимдери жөнүндө калкты маалымдоого жана алардын аткарылышын уюштурууга;

е)  Өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген башка ыйгарым укуктар.

3.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага берилген функцияларды аткарат жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3.2. Кварталдык комитет башчыларынын милдеттери:

а) кварталындагы  өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштурат;

б) Ат-Башы айыл аймагынын  жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын жана өзүнүн чечимдеринин аймактын тургундары тарабынан аткарылышын уюштурат;

в) санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык өрттү контролдоо жана коопсуздук чараларын жүзөгө ашырууда тийиштүү мекемелерге көмөк көрсөтүүгө;

г) коомдук тартипти күтүүдө укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;

д) бекитилген аймакты көрктөндүрүү, ремонттоо, санитардык тазалоо иштерин уюштурууга;

е) жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жыйналыштарынын (конференцияларынын)  чечимин аткарылышын уюштурууга;

з) кварталдык комитет башчылары өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө квартал тургундарынын үй-бүлөлүк жана башка сырларынын купуялуулугун сактоого милдеттүү;

3.3. Тийиштүү аймактын калкынын кызыкчылыгына тийиштүү маселелерди чечүүдө өз ыйгарым укуктарынын чегинен ашырып жиберген учурда Ат-Башы айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилүүсү мүмкүн. 

IV. Жыйынтыктоочу бөлүк

 5. Бул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде киргизилет жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет