“Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-3
10-май 2022-жыл Ат-Башы айылы
“Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын
өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын аткаруу максатында Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н.Карыбековдун берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ат-Башы айылындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү жобо бекитилсин; (1-тиркеме)
2. Ат-Башы айылындагы элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, маркумду эске алуу ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын;
3. Типтүү жобону кынтыксыз аткарууга алуу, үй-бүлөлүк салтанаттарды, диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жобого ылайык иш алып баруу жагы комиссияга милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрасы А. Өмүракунов
Каттоо №64
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 10-май
2022-жылдагы кезексиз XIV сессиясынын
№14-3 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагында
«Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө»
Типтүү Жобо
- Жалпы жоболор;
- Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;
- Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби;
- Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби;
- Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары;
- Жергиликтүү комиссия;
- Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
- Жалпы жоболор
- Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
- Жобонун максаты Ат-Башы айылында үй-бүлөлүк салттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого,ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
- Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
- Ат-Башы айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-Жобо) иштеп чыгуу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-мартындагы № 45-б буйругу менен бекитилген «Ат-Башы айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча жумушчу топтун» курамы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдардын жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып бекитилди.
- Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан Жобонун долбоору Ат-Башы айыл аймагынын ар бир кварталында айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайтына жана башка массалык маалымат каражаттарына, социалдык желелерге (фейсбук, вотсап ж.б.) жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып Жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан Жобо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясында бекитилет.
- Жобону бекитүү жөнүндө Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтому белгиленген тартипте Ат-Башы айыл өкмөтүнүн сайтында жарыяланат.
- Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү жана айылдык Кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
- Мыйзамда белгиленген тартипте Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдарына өзгөртүү, толуктоолор киргизилет.
- Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
- Үй-бүлөлүк салтанаттарга- бешик тою, тушоо кесүү тою,балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу маараке салтанаттары жана башкалар кирет.
- Үй-бүлөлүк салтанаттар Ат-Башы айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана белгиленген тартиптер боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт. Ат-Башы айылындагы «Ат-Башы» жана «Дордой Плаза» тойканаларында өткөрүлүүчү жана башка үй-бүлөлүк салтанаттардагы адамдардын санын 200 (эки жүз) адамдан ашырбоо;
- Үй-бүлөлүк салтанаттарга ар кандай себеттерди (корзина) алып келүүгө тыю салуу;
- Куда тосууда жана куда түштөндүрүүдө көп малды сойбостон жана башка ысырапкорчулукка жол бербестен 3 (үч) майда жандыкка чейин союу менен чектөө.
- Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
- Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык, (аш) жылдык) өткөрүүдө Ат-Башы айыл аймагында ар бир жарандын шартына жараша маркумду акыркы сапарга узатууда 3 майда жандыкка чейин же бир баш бодо малдан ашык союуга уруксат берилбейт.
- Маркумду эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда Ат-Башы айыл аймагында калыптанып калган Ат-Башы айылынын жергиликтүү эрежелери жана тартиби боюнча өткөрүлөт.
- Сөөк чыккан үйдө ашкере дасторкон жасоого тыюу салуу;
- маркумдун жакын туугандарына көз көргөзүп барууда баштык жасап барууга тыюу салуу;
- маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген адамдарга баштык жасоо, жыртыш (сүлгү, бет аарчы ж.б.) таратууга тыюу салуу;
- маркум жерге берилгенден кийин куда-сөөк, алыстан келген тууган-урук, дос-тааныштардан башка жарандарга, жергиликтүү тургундарга тамакка кирүүсүн чектөө;
- маркумга баалуу күмбөз, эстеликтерди тургузууга тыюу салуу.
- Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана
кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү комиссия кирет. Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү комиссиясы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жүргүзгөн ар бир иш чарасын документтештирет.
6. Жергиликтүү комиссия
6.1. Ат-Башы айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү жана көзөмөлдөөчү комиссия түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттары, карыялар кеңешинин мүчөлөрү, аялдар жана жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, аксакалдар сотунун мүчөлөрү, диний уюмдардын мүчөлөрү, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн Ат-Башы айылындагы милициянын участкалык уполномоченныйлары кирет.
Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү комиссиясы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
6.1.2. Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү комиссиясынын мүчөлөрү маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, сөөк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырат, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө акт түзөт, ал тууралуу маселени комиссияда карап, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
7.Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ат-Башы айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын Жобосунун талаптарын бузгандыгы үчүн төмөндөгүдөй айып жазаларынын өлчөмдөрү бекитилсин:
А) Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында Жобонун 4-бөлүмүнүн 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөдөн ашып, ашыкча бодо мал сойгон жарандарга 1000 (миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул жазасы белгиленсин.
Б) Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында Жобонун 4-бөлүмүнүн 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөдөн ашып 2-3 майда жандыктан ашыкча мал сойгон жарандарга 100 (жүз) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул жазасы белгиленсин.
В) Комиссия тарабынан аныкталып, тиешелүү документтер толтурулуп (акт,протоколдор) Жобонун талаптарын бузгандыгы тууралуу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун Аксакалдар сотунун кароосуна жиберилет жана Жобонун 6-бөлүмүндө көрсөтүлгөн жоопкерчилик үчүн салынган айып пулдар Аксакалдар соту аркылуужергиликтүү бюджеттин эсебине төктүрүү менен өндүрүлүүгө жатат, өнбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соту жөнүндө Мыйзамынын негизинде өнбөй калган айып пулдар райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан өндүрүлөөрү белгиленет.
PS: 1000 (миң) эсептик көрсөткүч – 100 000 сом;
100 (жүз) эсептик көрсөткүч – 10 000 сом.