Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ №14-1
10-май 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековдун Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндөгү берген маалыматынын негизинде жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин долбоорун мыйзамга ылайык иштеп чыгуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин долбоору толук иштелип чыкпагандыгына байланыштуу регламентти бекитүү кийинки сессияга калтырылсын;
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин иштеп чыгуу боюнча комиссиянын тобу төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1) Э. Абдымаликов - Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
2) Ж. Осмонов - Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
3) И. Мелисов - Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
4) М. Турдумбаева - Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы;
5) У. Мелис уулу - Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Түзүлгөн комиссияга Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин типтүү регламентинин долбоорун мыйзамга ылайык так жана туура иштеп чыгуу жагы тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрасы А. Өмүракунов
Каттоо №62