2022-жылдын 9-мартындагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын арызы жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз XII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №12-2

 

22-март  2022-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы                                                                                        

 

 

2022-жылдын 9-мартындагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын арызы жөнүндө

 

  Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  социалдык жактан коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К. Казиеванын Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары Н. Жаныгулованын кызмат ордун чечип берүү жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, ошондой эле    Н.Жаныгулованын 2022-жылдын 10-мартындагы төраганын орун басарлыгынан кетүү тууралуу арызынын негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

                                            

ТОКТОМ КЫЛАТ:                        

  1. Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары Н.Жаныгулованын өз каалоосу менен  төраганын орун басарлыгынан баш тарткандыгына байланыштуу 2022-жылдын 10-мартындагы арызы канааттандырылсын;  

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К. Казиеванын жана Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары  Н.Жаныгулованын элдешкендиги эске алынсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                      А. Өмүракунов

 

 

 

                                                                                                                                                        Каттоо №61

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет