2022-жылдын 11-мартындагы №01-13-221 сандуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун жана Ат-Башы райондук билим берүү мекемесинин имараттарын алмаштыруу тууралуу каты жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз XII сессиясынын

ТОКТОМУ №12-1

22-март  2022-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы                                                                                         

 

2022-жылдын 11-мартындагы №01-13-221 сандуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун жана Ат-Башы райондук билим берүү мекемесинин  имараттарын алмаштыруу  тууралуу каты жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековдун жогорудагы кат боюнча берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү менен К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун имараттары мамлекеттик менчикте болгондугуна байланыштуу  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                          

  1. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн жана К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун имараттарын алмаштыруу боюнча  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын;

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрасы                                                          А. Өмүракунов

 

 

 

 

                                                                                                                                                        Каттоо №60

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет