Ат-Башы айылынын милициянын аймактык пункту (МАП) жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги XI сессиясынын

ТОКТОМУ №11-14

 

16-февраль 2022-жыл                                                                                    Ат-Башы айылы

 

                                                                                        

Ат-Башы айылынын милициянын аймактык пункту (МАП) жөнүндө

2022-жылдын 16-февралындагы чыгыш  №6-1006 сандуу милициянын аймактык пункту жайгашкан жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү жөнүндөгү Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги  Б. Арзыгуловдун кайрылуусунун негизинде коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш жүргүзүү максатында  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айылынын М. +мүракунов атындагы жана Шамеев атындагы  көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 15 чарчы метр жер аянты милициянын аймактык пунктун уюштуруу үчүн Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө 10 (он) жылдык мөөнөткө оперативдик башкарууга келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга берилсин;  
  1. Жогорудагы жер аянтына Архитектура башкармалыгы тарабынан планын түздүрүү жагы Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө жүктөлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Аалиевге тапшырылсын. 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                        А. Өмүракунов                                               

                                                                                                                            

 

Каттоо № 59

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет