Ат-Башы айылынын тургуну М. Жунусалиевдин кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-13
16-февраль 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын тургуну М. Жунусалиевдин кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсү №167 үйүнүн тургуну Жунусалиев Медербектин Ат-Башы айылынын квартал комитетинин башчыларын кайра шайлап берүү жөнүндөгү 2022-жылдын 9-февралындагы кайрылуусун карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын квартал комитетинин башчылары жана кварталдын жашоочулары менен түзүлгөн графикке ылайык чогулуштар өткөрүлүп, кварталдык комитеттин башчылары кайрадан шайлансын;
- Ат-Башы айылынын квартал комитетинин башчыларына төлөнүп берилген айлык акылары мыйзамга ылайык берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 58