Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү имарат жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-12
16-февраль 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү имарат жөнүндө
2010-жылдын 13-июлундагы Ат-Башы айыл округдук Кеңешинин кезектеги 13-сессиясынын №13-12 токтомунун жана 2010-жылдын 20-июлундагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын №228-б буйругунун негизинде Ат-Башы айылынын М. +мүракунов көчөсү №85 дарегинде жайгашкан райондук балдарга билим берүү борборунун (ДОЦ) имараты менен А. Керимбаев орто мектебинин эски имараты эки тараптын макулдугу менен алмашылган жана убагында укук күбөлөндүрүүчү документтери бүткөрүлбөй калгандыгына байланыштуу жогорудагы токтомду жаңыртуу максатында 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук билим берүү борборуна (ДОЦ) тиешелүү Ат-Башы айылындагы М. Өмүракунов көчөсү №85 дарегинде жайгашкан имараты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган А. Керимбаев атындагы орто мектебинин бош турган имаратын Ат-Башы райондук билим берүү борборуна (ДОЦ) берүүгө макулдук берилсин;
- Имараттарды алмашуу келишимин түзүү, укук күбөлөндүрүүчү документтерин толук бүткөрүү жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 57