Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-11
16-февраль 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын алмаштыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Айдыралиев Кубанычбек Абылгазиевич өз каалоосу менен төрагалыктан баш тарткандыгына байланыштуу ордуна депутат Абдымаликов Элдияр Абдымаликович бекитилсин;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Асанбаева Клара Асановнанын ордуна депутат Мелис уулу Улук бекитилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 56