Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү” жөнүндөгү токтому жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-10
16-февраль 2022-жыл Ат-Башы айылы
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин
2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк
жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү” жөнүндөгү токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү” жөнүндөгү токтому жөнүндө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековдун жана жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Осмоновдун берген маалыматтарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү” жөнүндөгү токтому боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
- Ат-Башы айылында айыл чарба багытындагы жерлердин аянты аз болгондугуна байланыштуу жана Ат-Башы айылынын тургундары эч кандай үлүш жерге ээ болбогондуктан айыл өкмөткө тиешелүү жалпы 287 га мамлекеттик айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери жергиликтүү тургундарга пайдалануу үчүн калтыруу жагы КР айыл чарба министирлигинен суралсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 55