Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги XI сессиясынын

ТОКТОМУ №11-9

 

16-февраль 2022-жыл                                                    Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн

иш планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планы  бекитилсин (тиркеме  №1 тиркелет 2 (эки) баракта);
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракуновго тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                                      А. Өмүракунов 

                                                                                                                                                      Каттоо №54

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

16-февраль  2022-жылдагы

                                                                                              №11-9 токтомуна  №1 тиркеме

 

Ат-Башы айылдык Кеңешинин 2022-жыл үчүн

И Ш   П Л А Н Ы                                  

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айылдык Кеңештин 2022-жылга  карата иш планын бекитүү

 

1-квартал

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н. Кемелова

2

Ат-Башы айыл аймагынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиев, башчысынын орун басары К. Жапаров

 

3

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги

1-январь 2022-жылга карата калдык акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо

1-квартал

Айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиев, башчысынын орун басары К. Жапаров

 

4

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2022-жылга карата иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөттүн жер адисинин милдетин аткаруучу Т.Кудайбергенов

5

2021-жыл ичиндеги  айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу

1-квартал

Айыл өкмөт башчысы

А. Аалиев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов

6

Айыл өкмөттүн 2021-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы жөнүндө

1-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев,

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаров

7

Ат-Башы айыл аймагындагы COVID-19  илдетинин алдын алуу иштери жана  ага карата аткарылган иштер жөнүндө (эмдөө, гуманитардык, социалдык  жардамдар, медициналык, санитардык иштер тууралуу)

2-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева

8

Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи  Н. Карыбеков

9

Айылдын  жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык  иштеринин  жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн  абалы, көчөлөрдү асфальттоо иштери жөнүндө

 

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов 

10

Айылдагы жазгы  айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси , жайыт комитетинин төрагасы ,    инвестиция тартуу боюнча башкы адис Асанкул уулу Р

 

11

Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык  түйүндөрүнүн  жайгашуусунун  мыйзамдуулугу) жана Эл, турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы  жөнүндө

  2-квартал

Айыл өкмөттүн  жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиев, туруктуу комиссиянын  төрагасы.

 

12

Жер бөлүштүрүү, айыл чарба  жана экология  иштери жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн  жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, туруктуу  комиссиянын  төрагасы

 

13

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу

 

3-квартал

Айыл өкмөт башчысы

А. Аалиев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов

14

Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн  жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси, ветеринария боюнча башкы адиси

А. +скөналы  уулу,  туруктуу комиссиянын төрагасы, жайыт комитетинин  башчысы

 

15

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

16

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу

  4-квартал

 

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

17

Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө 

 

4-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева

 

18

Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси 

А. Мусаева

19

Туруктуу комиссияларынын 2022-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө

 

4-квартал

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

Айылдык кеңештин катчысы                                                                        Н. Кемелова

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет