Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетин, иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги XI сессиясынын

ТОКТОМУ №11-7

 

16-февраль 2022-жыл                                                                              Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин

2022-жылга карата бюджетин, иш планын жана ички тартип

эрежелерин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевдин берген маалыматынын жана сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Ат-Башы  айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:

Киреше бөлүгү:

  1. Жайыттан түшкөн акча каражаты 89 000 (сексен тогуз миң) сом;

      Чыгаша бөлүгү:

  1. Эмгек акы, соц.фондго 89 000 (сексен тогуз миң) сом;           
  1. Ат-Башы  айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулардын   жайыт комитетинин 2022-жылга карата иш планы (тиркеме №1) жана  ички тартип эрежелери (тиркеме №2) тиркемеге ылайык бекитилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айылынын жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                         А. Өмүракунов

                                                                                                                                

                                                                                                           Каттоо № 52   

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                            Кеңешинин депутаттарынын 8-апрель

                                                                    2022-жылдагы кезектеги XI сессиясынын

                                                                               №11-7 токтомуна №1 тиркеме

 

 

Ат-Башы районундагы Ат-Башы ЖПБ

2022-жылга иш планы

 

Аткарылуучу иштер

Кимдер аткарат

Мөөнөтү

1

1-январь 2022-жылга карата Ат-Башы айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн  кызматкерлери менен бирдикте малдын башын санап тактоо

Жайыт комитетинин мүчөлөрү

январь, февраль

2

Жайыттарды пайдалануучулардын тизмесин тактоо

Жайыт комитетинин мүчөлөрү

март

3

Жайыт пайдалануучуларга жайыт мыйзамдарын түшүндүрүү

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, райондук жайыт кызматкерлери

февраль

4

Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү  жайыттарын райондук мамлекеттик каттоо мекемеси менен бирдикте чек араларды тактоо

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети , КМУКБ

март

5

Жайытка баруучу маршуруттарды, жолдорду оңдоо

Жайыт комитетинин мүчөлөрү

март, апрель

6

Жайыт пайдалануучуларга түшүндүрмө берүү, АРИС кызматкерлери менен окууларды өтүү.

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети , АРИС

март

7

Жайыт билеттерин берүү

Жайыт  комитетинин мүчөлөрү

апрель, май

8

Убагында  ветеринардык дарылоолорду өткөрүү

Вет сервис

жыл бою

9

Малдарды жайлоого көчүрүү

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети

май, июнь

10

Жайыт акыларды жыйноо

Жайыт комитети

2022-жыл ичинде

11

Жайыттарга  малдардын  жайланышын жана жайыттардын туура  пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү

Айыл өкмөт, жайыт комитети.

июль,август

12

Жайыттарды туура эмес пайдалангандарга өз убагында актыларды түзүп , тиешелүү чараларды көрүү.

Райондук жайыт комитети.

июль, август

13

Жайыттарды жакшыртуу менен алардын инфраструктурасын оңдоо  максатында инвестицияларды  тартуу бүткүл  дүйнөлүк  банк тарабынан  болгон  акча каражаттарды  пайдаланууда жайыт комитетинин мүчөлөрү менен иш алып баруу

Жайыт комитетинин мүчөлөрү

жыл бою

14

Айыл өкмөттөрдөгү  жайыттардын пайдаланылышы жана жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча   маалыматтарды , отчетторду  райондук жайыт  департаментине  жиберип туруу

Жайыт комитети

жыл бою

15

Ат-Башы жайыт жолдорун оңдоо

Жайыт комитети

жыл бою

16

«Көк-Күмбөз» участкасын көрүү, лотокторду оңдоо жана өздөштүрүү

Жайыт комитети

жыл ичи

17

Насос станциясындагы кудуктун ичиндеги суу насосун которуу

Жайыт комитети

июнь, июль,август

18

Сары-Гоонун тургундарын суу менен камсыз кылуу

Жайыт комитети

август, сентябрь

 

 

 

 

Жер, турак жай, коммуналдык маселелер

жана мамлекеттик сатып алуулар

боюнча башкы адиси                                                                                               Б. Жунусалиев

 

 

 

 

       Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                           Кеңешинин депутаттарынын 8-апрель

                                                                                2022-жылдагы кезектеги XI сессиясынын

                                                                                  №11-7 токтомуна №2 тиркеме

 

 

Ички тартип эрежелери

 

  1. Жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 25 сомдон төлөнсүн. Бодо малга 100 сомдон, торпок, тайга  60  сомдон төлөнсүн;
  2. Жайыт акысы башка  айыл өкмөттөрүнүн жайыттарына жайлап келсе  дагы Ат-Башы  айыл аймагынын  жайыт комитетине төлөнсүн;
  3. Жайыт эсебиндеги жерлерди  башка максаттарга чөп чабыкка пайдаланып жаткан  жайыт пайдалануучулар менен  келишим түзүлсүн;
  4.  Жер кыртышын бузууга жол  берилбесин;
  5. Жайытты чөп чабынды  катары  колдонуп  жаткан   аянттын ар бир сотых  аянтына 10 сомдон  акы алынсын;
  6. Келишим  түзүлбөй жер аянттарын  пайдаланып жаткан  адамдарга мыйзам чегинде чара  көрүлсүн;
  7. Алыскы жайытка көчүү убагында  графикте көчүү мөөнөтүнөн  кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде  төмөндөгүдөй  айып акылар белгиленсин;
  8. Сары-Коо, Таш-+төк, Чар ички жайыттарына  жайкысын бир да малчы калбай  алыскы жайыттарга көчүрүлсүн;
  9. Жайкысы сарайларга  саап ичкенге 1 (бир) баш  уй жана мингенге 1 (бир) баш  атка уруксат берилсин;
  10. Ички жайыттан жайлоолорго 2022-жылдын 10-майынан калбай көчүрүлсүн;
  11. 2022-жылдын 1-майынан тартып жазгы айдап-себүү жана күзгү ооруп-жыюу мезгилине чейинки аралыкта айыл өкмөт, жайыт комитети, дыйкандар менен биргеликте корук уюштурулсун;
  12. Алыскы жана ортоңку  жайыттарга белгиленген жана эскертилген  убакта ортоңку жана алыскы жайлоолорго көчпөстөн, малдарды айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга төмөндөгүдөй айфып акылар белгиленсин. (КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин №238 “Айдоо жерлерин тепсөө” беренесинде көрсөтүлгөндөй айдоолорду атайын жана этиятсыздыкменен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн талаадагы түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
  13. Камалган малдардын ээлери өз убагында айып пул төлөп малдарын чыгарып кетпесе, келтирилген зыянды толугу менен төлөп берүү мал ээсине милдеттендирилет;
  14. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, корукчу, жайыт комитети корук учурунда камалып, камакта  жатып өлүп калган мал үчүн жоопкерчилик тартпайт;
  15. Айыл өкмөтүнүн ички тартип эрежелерин бузуп, корук учурунда камакка түшүп, тиешелүү актылар түзүлгөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин:

- 1 баш бодо малга  600 (алты жүз) сом.

      - 1 баш торпок-тайга 400 (төрт жүз) сом.

      - 1 баш  кой, эчкиге  100 (бир жүз) сом.

      - 1 баш козу, улакка 50 (элүү) сом.

  1. Жайлоодон  көчүп  келүү, дыйкандардын оруп-жыюу иштери  бүткөндөн  кийин уруксат берилсин.

 

Жер, турак жай, коммуналдык маселелер

жана мамлекеттик сатып алуулар

боюнча башкы адиси                                                                                                Б. Жунусалиев


                                                                       

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет